КӨӨКӨР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КӨӨКӨР - ышталган териден жасалган оозу кичине, моюндуу идиш. Аны төөнун же уйдун терисинин калың жеринен (эки капталынан) але­шем кылып кургатып бычышат. Шар сууга ка­зык аркылуу байланган чылгый терини улпак салып же жарма куюп, ороп койсо жуну тез эле жыдыйт. Төөнун териси курөк м-н челденгенден кийин шибеге же темене м-н тигилет. К-гө кум­дуу топуракты шыкайт. Идиштин ийини, мой­ну, булуң-бурчу атайын ийри шиш аркылуу көркунө келтирилет. Шыкалган топурак тобор­сугандан кийин оюм-чийим тушурулөт. Кээде К- дун булуң-бурчуна, моюнуна кумуш, жез чеги­лет.

Ага түшкөн шөкөттөрдүн фор­масы ар кандай.
К-дүн кепкегине алтын-күмүш чө­гөрүлүп, жезден чагарак салын­ган. К. ар кандай көлөмдө ж-а фор­мада жасалган.
К-гө кымыз, ай­ран, чалап ж. б. куюлган. К-дүн заманбап түрү өнөрканаларда сувенир буюм ка­тары жасалат.


Ад.: Антипина К. И. Особенности материальной культуры и прикладного искусства южных киргизов.
Ф., 1962.