КӨМӨЛДҮРҮК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КӨМӨЛДҮРҮК - ат жабдыктарынын бир бөлүгү.
Мингичтин омуроосунан алып, бир учу ээрдин
аттанар жагындагы чагаракка, башка учу экинчи жактагы тогоого бекитилип, үчүнчүсү мингичтин эки астынкы бутунун ортосунан өткөрүлүп, басмайылга бекитилүүчү кайыш.

Өр таяна бастырганда ат
токулгасы артка жылып кетпес
үчүн тагылат. К-түн олоң тили,
жүрөкчөсү, учундагы кош сүзмөсү
чагарактар аркылуу туташкан.
К-түн капталдары кайыштан чачыланып, үстү күмүш, жез, темир, коло купалар, чорлор, солондор м-н аземделип кооздолгон. Кыз-келиндердин ээр-токумундагы К. мыкты терилип согулган ж-а чачы чыгарылган сызмадан да жасалган.