КӨК-АЙГЫР КӨРҮСТӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КӨК-АЙГЫР КӨРҮСТӨНҮ – неолит дооруна (б. з. ч. 6–5-миң жылдык) таандык археол. эсте­лик. Чатыр-Көлдүн чыгыш тарабында, Көк-Ай­гыр суусунун тектиринде жайгашкан. 1963-ж.


Кыргыз ССР ИАнын Геология ин-тунун Нарын отряды (жетекчиси Ш. А. Кыдыров) ачып, оку­муштуулар М. Б. Юнусалиев, В. А. Рановдор изилдеген. 2007-ж. кошумча археол. изилдөөлөр (археологдор К. Табалдиев, А. Абыканова) жүр­гүзүлүп, неолит дооруна чейинки мезолиттик таш куралдар ж-а таш чабындылары табылган. Таш куралдар көбүнчө кызгылтым оттук таш тегинен жасалган. Чогултулган коллекция Кошой-Коргон музейине жайгаштырылган. К.-А. к. археол. изилдөө үчүн келечектүү эсте­лик болуп саналат.