КӨЙНӨК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КӨЙНӨК – күрмө, кемсел сыяктуу сырт кийимдердин ичинен кийилүүчү жалаңкат кийим. К. байыркы замандарда адам денесин ысыксууктан коргоо максатында пайда болуп, барабара гигиеналык ж-а эстетикалык мааниге ээ болгон. Адамдын жашы ж-а коомдук дөөлөтү өзгөргөн сайын кийинүү каадасы да жаңыланып, жакшырып, татаалдаша баштаган. Илгери кыргызда эркектики да, аялдыкы да, баланыкы да жалпы жонунан К. деп аталып, көчмөн турмуш шартына ылайык кең тигилген ж-а көбүнчө жылаңач этке эле кийилген. Э р к е к К-түн кеңири таралган түрү ачык К. же жегде деп аталган. Ал бөздөн, матадан өңүрү, учасы, жеңи м-н кошо кенен бычылып, капталдарына кыйык салынган. Түштүктө жашагандар ачык, түндүктөгүлөр кайырма жакалуу К-төрдү кийишкен. Узундугу тизеден төмөнүрөөк келип, жеңи манжаларга жеткен. Жакасы эшилген боолор, топчулар м-н бүчүлөнгөн. К-түн этегин шымга салбастан, жай коюп, белбоо курчанышкан. А я л К. кенен, этеги узун тигилип, капталына кыйык салынып, жеңдери ийинге тик бириктирилген. Жакалары эки түрдө бычылган. Эң эски К-төрдүн жакасы ийинден ийинге чейин узатасынан бычылганы туура жака К. делген. Ал эки ийинден шоона же топчу м-н бүчүлөнгөн. Жаканын бул байыркы түрү балдардын кийимдеринде сакталып калган. К-түн экинчи түрүнүн жакасы узатасынан ж-а көкүрөктөн ылдый бычылып, узун жакалуу К. деп аталып, Кырг-ндын бардык аймактарында кеңири тараган. Анын көкүрөгүнөн сайма м-н өңүр чыгарышкан. 19-к-дын аягында көкүрөктөн ылдый бычылган тик жакалуу, топчу м-н бүчүлөнгөн, этегине бир же эки кош этек салынган К-түн пайда болушу м-н өңүр биротоло жоюлган. Кийинчерээк, Кырг-ндын түн. тарабында көкүрөк жагы м-н этек жагы эки бөлөк бычылып, бели, жеңинин учу, этеги (эки-үч ирет) бүйрүлүп тигилген К. кийиле баштаган. 20-к-дын башынан ийни кыйгач бычылып, жакасы кайырма, этеги кыска, көкүрөгү бүйүрмөлөнүп, жеңи ийнине ашталып тигилген К-төр тарала баштаган. Кызкелиндерге кызыл-тазыл, улгайгандарга күңүрт же ак түстүү мүнөздүү болгон. Улгайган аялдардын эскиче бычылып тигилген К-төрү айылкыштакта азыр деле кийилет. Азыр көбүнчө дүйнөлүк модага багытталган заманбап формадагы көйнөктөрдү кийишет.