КӨЗ ТИЙҮҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы

КӨЗ ТИЙҮҮ – кыргыздын салттуу түшүнүктө­рүнүн бири. Элдик ишеним б-ча кээ бир адамдар­дын көзүнө туш болгон адам, жаныбар ооруйт, жакшы буюм сынат, бүлүнөт. Өзгөчө жаман көз наристеге, сулуу кыз-келиндерге, баатырга, кү­лүк атка, алгыр кушка тиет деп эсептешип, бу-

ларды элге көрсөтпөөгө аракет кылышкан. Көз тийгизбөө үчүн наристенин бетине көө сүйкөп, көзгө урунбай турган начар кийимдерди кийги­зип, адамды иренжите тургандай ысым м-н атоо сыяктуу ар кандай ырымдарды жасашкан.