КӨЗ ТИЙҮҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КӨЗ ТИЙҮҮ – кыргыздын салттуу түшүнүктөрүнүн бири. Элдик ишеним б-ча кээ бир адамдардын көзүнө туш болгон адам, жаныбар ооруйт, жакшы буюм сынат, бүлүнөт. Өзгөчө жаман көз наристеге, сулуу кыз-келиндерге, баатырга, күлүк атка, алгыр кушка тиет деп эсептешип, бу-
ларды элге көрсөтпөөгө аракет кылышкан. Көз тийгизбөө үчүн наристенин бетине көө сүйкөп, көзгө урунбай турган начар кийимдерди кийгизип, адамды иренжите тургандай ысым м-н атоо сыяктуу ар кандай ырымдарды жасашкан.