КӨГҮЧКӨНДӨР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КӨГҮЧКӨНДӨР , к е п т е р л е р (Columbidae) – куштардын көгүчкөн сымалдар түркүмүнүн тукуму. Канаты узун, учтуу, жакшы учат. Түсү ар түрдүү. Жер бетинин мелүүн ж-а тропик алкактарында кеңири таралган. 43 уруусу, 285 түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө 3 уруусунун 13 түрү

кезигет. Көбү келгин куш. К. токой, талаа, тоону, эгин айдалган жерлерди мекендейт. Дарак, бадал, аскаларга, курулуштарга уялайт. 2 жумуртка тууп, эркек, ургаачысы тең басат. Экиден же кээде колония болуп жашайт. Балапаны жылаңач, кээде сейрек тыбыттуу болот.
Өсүмдүк уругу, мөмөсү м-н азыктанат. Суу ичүү
үчүн алыс аралыкка учуп барат. Азыркы почта ж-а кооздук К. көк көгүчкөндөн чыккан. 6 түрү, 9 түрчөсү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган. Ак төш көгүчкөн м-н сур көгүчкөн (эверсмаин) Кырг-ндын Кызыл китебинин тизмесине кирген.