КӨБҮК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы

КӨБҮК – дисперсиялык фазасы газ, чөйрөсү суюктук же катуу заттан турган дисперсиялуу система. Газ бөлүкчөлөр өз ара кошулушпай, эркин түрүндө суюктукта сакталса, эмульсия катары каралат. К-тү пайда кылуу ж-а алуу үчүн идиштеги суюктукка газды (абаны) чачтыруу, бүркүү же идиштеги суюктукту катуу чайкоо, аралаштыруу керек. К-түн көбөйүшү суюктук аркылуу өтүп жаткан газдын ылдамдыгына жараша болот. Газдын ылдамдыгы жогорула­ган сайын К. көбөйүп, ылдамдык 0,3–1 м/секга жеткенде, суюктук-газ негизинен К-кө айланат. Суюктук кайнаганда бөлүнүп чыккан газдын же буунун жалпы дисперсиялык фазаны түзүшү да К. болуп саналат. К. туруктуу ж-а туруксуз бо­луп бөлүнөт. Туруктуу К. стабилизатор ж-а атайын көбүрткүч заттардын жардамы м-н алы­нат. Көбүрткүчтөр беттик активдүү заттар болу­шат ( мис., самын). Өнөр жайда, техникада, куру­лушта бетон, пластика, резина ж. б. материал­дарды көбүк түрүндө колдонуу кенен таралган.
Өрт өчүрүүнүн айрым түрү да көбүктөнүүгө не­гизделген.