КӨБӨГӨНОВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КӨБӨГӨНОВ Абдашым [1913, Чолпон-Ата болушу (азыркы, Ысык-Көл обл., Ысык-Көл району), Кара-Ой айылы – 13. 11. 1992, Бишкек] –

драма артисти, режиссёр, драматург, Кыргыз ССР эл арт. (1967). Фрунзедеги рабфакта окуган. 1937-ж. Жумгал колхоз-совхоз театрын
уюштурган. Нарын (1939– 46), Жалал-Абад (1948–
49), Ысык-Көл (1949–52) театрларында көркөм
жетекчи ж-а актёр, 1946–48-ж. ж-а 1952-жылдан Кыргыз мамл. драма театрында актёр, 1974–76-ж.
директор болуп иштеген. Аткарган ролдору: Саринжи (К. Эшмамбетов, «Саринжи»), Курманбек, Аккан (К. Жантөшев, «Курманбек»), Фрунзе (К. Маликов,
«Бийик жерде»), Каренин (Л. Толстой, «Анна Каренина») ж. б. К. комедиялык

курч образдарды да жараткан. Режиссёр катары К. Эшмамбетовдун «Саринжи», Ж. Бөкөмбаевдин «Токтогул», К. Жантөшевдин «Курманбек», Н. Гоголдун «Үйлөнүү», Р. Шүкүрбековдун «Акындын үмүтү», К. Маликовдун «Осмонкул» ж. б. спектаклдерди койгон. К. – «Туткун Каныш», «Болот менен Тынар», «Алмагүл», «Ким элек», «Карагай-Булак» аттуу пьесалардын автору. Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.