КОЭРЦИТ КҮЧҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КОЭРЦИ́Т КҮЧҮ (лат. coеrcitio – кармап туруу),
к а р м а п т у р у у к ү ч ү – магниттик
гистерезистин мүнөздөмөлөрүнүн бири. К. к. ферроже ферримагниттик үлгүнү алгач толук каныгууга чейин магниттеп, аны толук магнитсиздендирүүгө керек магнит талаасынын чыңалышы Нс (к. Гистерезис). К. к. үлгүнүн магниттелиши ж-а магнит индукциясы нөлгө барабар
болуп айырмаланат. К. к. коэрцитиметр м-н
өлчөнөт. Ферромагнетиктердин К. к. 10–3–104 Э
(8.10–2 – 8.105 А/м ге чейин) болуп өзгөрөт.
К. к-нүн чоңдугуна карата магниттик материалдар магниттик жумшак (Нс кичине) ж-а магниттик катуу (Нс чоң) болуп бөлүнөт. Үлгүдөгү
кошулманын ж. б. кристалл торчосунун дефектти магниттик домен кыймылын кыйындатат ж-а ошону м-н бирге Нс ны чоңойтот. К. к-нүн
жогорку мааниси (103–104 Э) бир домендүү ферромагниттик бөлүкчөдө алынат. Магниттик жумшак материалдан трансформатордун өзөкчөсү, магниттик катуу материалдан турактуу
магнит жасалат.