КОШОНОВ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -га соңку нускасы
КОШОНОВ Анарбек Айтышевич (4. 3. 1954- ж. т., азыркы Талас обл., Киров району, Киров кыш.) –

генерал-майор (1995). И. С. Конев атн.
Алматы жогорку командалык окуу жайын (1975), М. В. Фрунзе атн.
Москва аскердик академиясын (1988) бүткөн. 1975–
81-ж. Казакстанда мотоаткычтар дивизиясында взвод, рота командири, батальон командиринин орун басары-штаб начальниги,
1981–85-ж. Германия Демокр. Респ-нда мотоаткычтар дивизиясында батальон командиринин орун басарыштаб начальниги, командири, 1988–89-ж. Тажикстанда гвардиялык мотоаткычтар полкунда командирдин орун басары-штаб начальниги, 1989–91-ж. Фрунзе автомобиль сүйүүчүлөр мектебинин начальниги, 1991–92-ж. ДОСААФтын
(Армияга, Авиацияга ж-а флотко көмөктөшүүчү
ыктыярдуу коом) Ош обл. к-тинин бөлүм на-
чальниги-төраганын орун басары, Советтин төрагасы, 1992–93-ж. КР ИИМдин ички аскеринин полк командири, командачынын орун басары, 1993–94-ж. 1-орун басары-штаб начальниги, 1994–97-ж. бригада командири, 1997–98-ж. КР Коргоо министрлигинде иш башкармалыгынын начальниги, 1998-жылдан КР спорттук-тех. уюмдун борб. коргоо кеңешинин төрагасы, КР Коргоо министрлигинин башкы штабында начальниктин 1-орун басары-оперативдик башкы башкармалыктын начальниги.