КОШОНОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОШОНОВ Анарбек Айтышевич (4. 3. 1954- ж. т., азыркы Талас обл., Киров району, Киров кыш.) –

генерал-майор (1995). И. С. Конев атн.
Алматы жогорку командалык окуу жайын (1975), М. В. Фрунзе атн.
Москва аскердик академия­сын (1988) бүткөн. 1975– 81-ж. Казакстанда мото­аткычтар дивизиясында взвод, рота командири, ба­тальон командиринин орун басары-штаб начальниги, 1981–85-ж. Германия Де­мокр. Респ-нда мотоаткыч­тар дивизиясында батальон командиринин орун басары­штаб начальниги, командири, 1988–89-ж. Та­жикстанда гвардиялык мотоаткычтар полкун­да командирдин орун басары-штаб начальниги, 1989–91-ж. Фрунзе автомобиль сүйүүчүлөр мек­тебинин начальниги, 1991–92-ж. ДОСААФтын (Армияга, Авиацияга ж-а флотко көмөктөшүүчү ыктыярдуу коом) Ош обл. к-тинин бөлүм на-

чальниги-төраганын орун басары, Советтин төра­гасы, 1992–93-ж. КР ИИМдин ички аскеринин полк командири, командачынын орун басары, 1993–94-ж. 1-орун басары-штаб начальниги, 1994–97-ж. бригада командири, 1997–98-ж. КР Коргоо министрлигинде иш башкармалыгынын начальниги, 1998-жылдан КР спорттук-тех. уюмдун борб. коргоо кеңешинин төрагасы, КР Коргоо министрлигинин башкы штабында на­чальниктин 1-орун басары-оперативдик башкы башкармалыктын начальниги.