КОШ АЯКТАР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КОШ АЯКТАР (Dipodidae) – сүт эмүүчүлөрдүн кемирүүчүлөр түркүмүндөгү тукуму.

Дене уз. 5
смден 26 смге, куйругунун уз. 7–30 смге жетет.
Жүнү кыска, жыш, ак, кара, күрөң, боз түстө. Эркек ургаачысы окшош. Көбүнүн арткы буттары ал дынкысынан 3–4 эсе узун.
Башы, көзү чоң, кулагы узун. Эки буту м-н чуркап, секирип жүрүүгө (3 м аралыкка секирет) ыңгайланган. 10–15 урууга
кирген 27–30 түрү
Евразия, Түн. Африка ж-а Түн. Американын талаа,
чөл, жарым чөлдөрүндө таралган. КМШ өлкөлөрүндө 9–10 уруунун 17 түрү, Кырг-нда 4 түрү
бар. К. а. жалгыздап, терең ийинде жашайт. Күүгүмдө ж-а түнкүсүн азыгын издейт. Жылына
1–2 жолу 2–8ди тууйт. Өсүмдүк данын, бакча
өсүмдүктөрүн ж. б. жеп, зыян келтирет.