КОЧУБАЕВ Тойчу Тагаевич: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 -деги абалы
КОЧУБАЕВ Тойчу Тагаевич (1922, Ош обл., Араван району, Чек-Абад кыш. – 1981, ошол эле жер) –

а. ч. өндүрүш ишмери, Соц. Эмг. Баатыры (1966). Кыргыз ССРинин дыйканчылыкка эмг. сиң. устаты (1958). Ош обл-нун Араван районундагы Жданов атн. колхоздун башкармасы (1951–73). Ал башкарган колхоз облуста алдынкы чарбалардын бири болуп, 1200 га пахтанын ар гектарынан 36 цден түшүм жыйнап алган. 1-беш жылдыкта мамлекетке пландан ашык 4708 т пахта сатылган. Ошол эле мезгилде эт сатуу 107, сүт 106 ж-а жүн 100%ке аткарылган. 1974-жылдан «Жаңы-Жол» колхозунун башкармасы. 1979-жылдан колхоздор аралык тоют өндүрүү бирикмесинин директору болуп иштеген. 1966–74-ж. СССР Жогорку Советинин, 1963– 67-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин, Октябрь Революциясы, 2 Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган.