КОЧУБАЕВ Тойчу Тагаевич
КОЧУБАЕВ Тойчу Тагаевич (1922, Ош обл., Араван району, Чек-Абад кыш. – 1981, ошол эле жер) –

а. ч. өндүрүш ишмери, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1966). Кыргыз ССРинин дыйканчылыкка эмгек сиңирген устаты (1958). Ош облусунун Араван районундагы Жданов атындагы колхоздун башкармасы (1951–73). Ал башкарган колхоз облуста алдынкы чарбалардын бири болуп, 1200 га пахтанын ар гектарынан 36 цден түшүм жыйнап алган. 1-беш жылдыкта мамлекетке пландан ашык 4708 т пахта сатылган. Ошол эле мезгилде эт сатуу 107, сүт 106 ж-а жүн 100%ке аткарылган.1974-жылдан «Жаңы-Жол» колхозунун башкармасы. 1979-жылдан колхоздор аралык тоют өндүрүү бирикмесинин директору болуп иштеген. 1966–74-ж. СССР Жогорку Советинин, 1963–67-ж. Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин, Октябрь Революциясы, 2 Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган.