КОТУР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОТУР – теринин жугуштуу оорусу. Кишинин ж-а жаныбарлардын денесине К. кенесинин киришинен пайда болот. Соо кишиге көбүнчө оорулуудан, кээде айбанаттан жугат. Кене териге киргенден 7–10 күн өткөндөн кийин башталат. Кене теринин жука жерине – салаалардын арасына, кол, буттун бүгүлгөн жука жерине ж. б. кирип, мителик кылат. Териде ыйлаактаган кызгылт бүдүрлөр пайда болуп, түнкүсүн абдан кычышат. Оорулуу тырмана берип, тери тытылып, инфекция түшүп ириңдүү жара пайда болот. К. м-н ооруган киши врачка кайрылып, оорулуу м-н чогуу болгон кишини текшерүү оорунун таралышынын алдын алат. О. эле алдын алууда жеке тазалыкты сактоо чоң мааниге ээ. К. м а л д а – малдын денеси кычышып, териси сезгенет. Малды булганыч, нымдуу, суук, караңгы жайда кармоо, жетишсиз тоюттандыруу саркоптоздун пайда болушуна өбөлгө түзөт. Жаш ж-а көтөрүм мал көп ылаңдайт. Кене малдын терисине (көбүнчө баш, моюн, далы, көчүк, чаткаягында) кирип, четки нервдерди дүүлүктүрүп, кычыштырат. Мал кычышкан жерин кашый берип, жүнү түшөт, териси күдүрөйүп, калыңданып катууланат. Ылаңдуу малдын кунардуулугу кетип, арыктайт, төл жакшы өспөйт. Диагноз дарттын клиникалык белгилеринин ж-а микроскоп м-н изилдөөнүн негизинде коюлат. Дарылоо: койду дарылоодо ж-а таралып кетишин алдын алууда гексахлоранкреолин эмульсиясы (гексалан, ТАП-85), уйду дарылоодо коллоиддүү күкүрттүн 3%түү суспензиясы, 20–25°С темп-радагы К. самынынын 4–6%түү эритмеси куюлган ваннага салынат. 7– 10 суткадан кийин дарылоо кайталанат. Малдын К. болгон жерине мурин майы, деготь майы (кара май) сүйкөлөт. Малды дарылоо м-н катар короо-сарай, шайман, атайын кийим дезакаризацияланат.
Ад.: Сукеев Ш. Малдын жугуштуу ылаңдары менен күрөшүүнүн чаралары. Ф., 1982.