КОТУР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОТУР – теринин жугуштуу оорусу. Кишинин ж-а жаныбарлардын денесине К. кенесинин киришинен пайда болот. Соо кишиге көбүнчө оорулуудан, кээде айбанаттан жугат. Кене те­риге киргенден 7–10 күн өткөндөн кийин баш­талат. Кене теринин жука жерине – салаалар­дын арасына, кол, буттун бүгүлгөн жука жери­не ж. б. кирип, мителик кылат. Териде ый­лаактаган кызгылт бүдүрлөр пайда болуп, түнкүсүн абдан кычышат. Оорулуу тырмана бе­рип, тери тытылып, инфекция түшүп ириңдүү жара пайда болот. К. м-н ооруган киши врачка кайрылып, оорулуу м-н чогуу болгон кишини текшерүү оорунун таралышынын алдын алат. О. эле алдын алууда жеке тазалыкты сактоо чоң мааниге ээ. К. м а л д а – малдын денеси кычышып, териси сезгенет. Малды булганыч, нымдуу, суук, караңгы жайда кармоо, жетиш­сиз тоюттандыруу саркоптоздун пайда болушу­на өбөлгө түзөт. Жаш ж-а көтөрүм мал көп ылаңдайт. Кене малдын терисине (көбүнчө баш, моюн, далы, көчүк, чаткаягында) кирип, четки нервдерди дүүлүктүрүп, кычыштырат. Мал кы­чышкан жерин кашый берип, жүнү түшөт, те­риси күдүрөйүп, калыңданып катууланат. Ылаң­дуу малдын кунардуулугу кетип, арыктайт, төл жакшы өспөйт. Диагноз дарттын клиникалык белгилеринин ж-а микроскоп м-н изилдөөнүн негизинде коюлат. Дарылоо: койду дарылоодо ж-а таралып кетишин алдын алууда гексахло­ранкреолин эмульсиясы (гексалан, ТАП-85), уйду дарылоодо коллоиддүү күкүрттүн 3%түү сус­пензиясы, 20–25°С темп-радагы К. самынынын 4–6%түү эритмеси куюлган ваннага салынат. 7– 10 суткадан кийин дарылоо кайталанат. Мал­дын К. болгон жерине мурин майы, деготь майы (кара май) сүйкөлөт. Малды дарылоо м-н катар короо-сарай, шайман, атайын кийим дезакари­зацияланат.


Ад.: Сукеев Ш. Малдын жугуштуу ылаңдары менен күрөшүүнүн чаралары. Ф., 1982.