КОТ-Д-ИВУАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КОТ-Д-ИВУА́Р , К о т - д–И в у а р Р е с п у б­л и к а с ы – Борб. Африканын батыш бөлүгүндө жайгашкан мамлекет. Түштүгүнөн Атлантика океанынын Гвинея булуңу м-н чулганат (жээк сызыгынын уз. 515 км). Түндүгүнөн Мали ж-а Буркина-Фасо, чыгышынан Гана, батышынан Либерия ж-а Гвинея м-н чектешет. Аянты 322,5

миң км2. Калкы 20,8 млн (2008). Борбору – Яму­сукро. Расмий тили – француз тили. Акча бир­диги – КФА франкы. Адм.-айм. жактан 19 об­луска бөлүнөт (к. таблицаны).
К.-дИ. – БУУнун (1960), ЭВФтин (1963), Эл аралык өнүгүү ж-а реконструкция банкынын (1963), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), Африка союзунун (1963; 2002-ж. чейин Африка биримдиги уюму) мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү

. К.-д–И. – унитардык мамлекет. Конституциясы 2000-ж. 23-июлда кабыл алынган. Башкаруу формасы – президент­тик респ. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – пре­зидент, 5 жылдык мөөнөткө шайланат (бир жолу кайра шайланууга укуктуу). Президент премьер-министрди, өкмөт мүчөлөрүн дайындайт ж-а Жогорку башкы командачы болуп саналат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу парламент (Улуттук чогулуш), 5 жылга шайланат. К.-д–И-да көп партиялуу система орун алган. Саясий партиялары: Ивуар элдик фронту, Демокр. партия ж. б.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2008)
Облустары Аянты,

км2

Калкы, миң Адм. борбору
Агнеби 9,1 706,9 Агбовиль
Бафинг 8,9 195 Туба
Валле-дю-Бандама 28,8 1459,0 Буаке
Денгеле 20,8 300,3 Одиенне
Дизюит-Монтань 16,7 1265,0 Ман
Жогорку Сасандра 15,4 1452,0 Далоа
Занзан 38,1 947,3 Бондуку
Лагюн 13,3 5051,6 Абижан
Лак 8,9 642,9 Ямусукро
Марауэ 8,6 750,0 Буафле
Нзи-Комоэ 19,6 852,1 Димбокро
Ортоңку Кавалли 14,2 694,0 Гигло
Ортоңку Комоэ 6,9 532,9 Абенгуру
Саван 40,4 1252,9 Корого
Төмөнкү Сасандра 25,8 1910,7 Сан-Педро
Түштүк Бандама 10,8 921,4 Диво
Түштүк Комоэ 7,4 621,4 Гран-Басам
Уородугу 21,9 506,0 Сегела
Формаже 6,9 732,8 Ганьоа

Табияты

. Гвинея булуңунун жээгинде булуң­буйткалар аз, батыш бөлүгү аскалуу, чыгышы жантайыңкы, кумдуу, узатасынан 300 кмден ашуун созулган лагуналар тилкеси ээлейт; ал Абижан ш. тушта деңиз м-н канал аркылуу ту­ташат. К.-д–И. Түн. Гвинея дөңсөөсүнүн түш. бөлүгүндө жайгашкан. Аймагынын рельефинде аз тилмеленген, бийикт. 200–500 м келген түз­дүктөр басымдуу. Батыш бөлүгүн цоколдук де­нудациялык бөксө тоолор ж-а дөңсөөлөр ээлейт.
Өлкөнүн аймагынын батыш чет-жакасына Леон-Либерия тоолорунун тармактары (Дан, Тура массивдери) кирип турат. Андагы Нимба тоосу (1752 м) – өлкөнүн эң бийик жери. Чыгы­шындагы денудациялык көтөрүңкү түздүктөрдүн айрым жерлери граниттик калдык тоолор (ин­зельбергдер) м-н татаалдашкан. Гвинея булуңу­нун жээгиндеги аккумуляция ойдуңуна өтүп, өлкөнүн түштүгүндө босоголор ж-а шаркырат­малар пайда болот. Өлкөнүн аймагы байыркы Африка платформасында жайгашкан. Негизги кен байлыктары: алтын (Ити, Анговия, Субре ж. б. кендери), нефть, күйүүчү табигый газ (шельфтерден өндүрүлөт), о. эле алмаз, марга­нец, темир, никель, кобальт, ниобий, тантал, боксит, цемент сырьёлору ж. б. Өлкөнүн түш. бөлүгүнө дайыма нымдуу эква­тордук климат мүнөздүү. Жээк бөлүгүнө жылы­на 1800 ммден (Абижан) 2300 ммге чейин (Табу) жаан-чачын жаайт; абанын салыштырмалуу нымдуулугу жыл ичинде 75%тен төмөндөбөйт. Жээктин чыгыш бөлүгүндө жаан-чачын мол жааган 2 (март – июль ж-а октябрь – ноябрь; анда айына 100 ммден ашык жаан-чачын жаайт) ж-а салыштырмалуу кургакчыл 2 (де­кабрь – февраль ж-а август – сентябрь) мезгил болот. Жаан-чачын эң аз (50 ммден аз) жааган мезгил – январь ж-а февраль. Жээгинин батыш бөлүгүндө салыштырмалуу кургакчыл (айына 50 ммден аз) кыска мезгил январь – февралда байкалат, ал эми калган айларында (марттан январга чейин) ай сайын 100 ммден ашык түшөт; эң жаанчыл айы – июнь (500 ммден ашык). Эң ысык айларынын (март – апрель) орт. темп-расы 27–28°С, эң серүүн айларыныкы (август – сен­тябрь) 24–25°С. Өлкөнүн борб. ж-а түн. бөлүктө­рүнө нымдуулуктун сезон б-ча өзгөрүүсү байкал­ган субэкватордук климат мүнөздүү. Түздүктөрдө жылына 1100 ммдей, өлкөнүн түн.-батышын­да, Леон-Либерия тоолорунун этектеринде 1300– 1500 мм (Нимба тоосунун капталдарында 2200 ммге чейин) жаан-чачын жаайт. Жаанчыл мезгил (март – октябрь) 7–8 айга созулат. Эң жаан-чачындуу мезгили – июль – сентябрь, анда айына 150 ммден ашык жаан-чачын жаайт. Аба­нын орт. темп-расы 23–24°Сден (декабрь – июль) 28–29°Сге (февраль – март) чейин. Өлкөнүн түн.- батышындагы тоолуу аймактардын климаты серүүн (1500 м бийиктиктерде жылдык орт. темп-ра 16–19°С). Кургакчыл сезондо өлкөнүн аймагында кургак түн.-чыгыш шамалы – хар­матан согот. Дарыя тармагы жыш, негизинен Гвинея булуңунун алабына кирет. Ири дарыя­лары: Бандама (уз. 1050 км), Комоэ (1160 км),

Гвинея булуңунун жээги.

Сасандра (650 км), Кавалли (700 км). Түндүгүн­дөгү чакан аймактын дарыялары Нигер д-нын алабына кирет. Дарыяларынын ортоңку ж-а төмөнкү агымдары босоголуу болгондуктан, көбүндө кеме каттабайт. Суу сактагычтары бар. Жыл сайын калыбына келип туруучу суу ре­сурсу 81,14 км3, ар бир адамдын суу м-н кам­сыз болуусу жылына 4853 м3.

Өлкөнүн батыш бөлүгүнүн токой зонасында кызыл-сары ж-а кызыл ферралит топурактары басымдуу. Чыгышында кызыл-сары топурактан сырткары чакан аянттарда сары ферралит то­пурактары кездешет. Жээктердеги аккумуля­циялык түздүктөрдө марш топурактары пайда болгон. Токой-саванналуу зонада ферралит то­пурактарынын комплеси ж-а феррозём өөрчүгөн.
Өлкөнүн борб. бөлүгүндөгү оёңдордо тропиктик кара топурактар таралган. Саванна зонасында феррозём үстөмдүк кылат; мында үбөлөнүүнүн латериттик кыртыш калдыктары (кирастар) кыйла янтты ээлейт. Ири дарыялардын өрөөн­дөрүндө гидроморфтук аллювий топурактуу жерлер да кездешет. Флорасы татаал өсүмдүк­төрдүн 3,5 миңден ашык түрүн камтыйт (анын 100дөн ашык түрү жоголуу алдында турат, 60тан ашык түрү – эндемиктер). Өлкөнүн түш. айма­гында туруктуу-нымдуу дайыма жашыл ж-а жалбырагын чала түшүрүүчү токой басымдуу­лук кылат. Дайыма жашыл токойлордо чанак­туулардын дарак өсүмдүктөрү (паркия, пипта­дения, эритрофлеум ж. б.) кеңири таралган. Жалбырагын чала түшүрүүчү токойлордо топчу баш, стеркуль, кара жыгач ж-а тыт тукумда­рына киргендер көп кездешет. Жалпы эле бул токойлорго баалуу дарактар – энтандрофрагма, кайя мүнөздүү. Токой аянты 7,1 млн га (2002); чарбалык аракеттерден токой аянттары кичи­рейүүдө; жылына 7%ке чейин токой кыйылып жок болууда. Түндүктү карай кургачыл сезон узара баштагандыктан, токой токойлуу-саван­на м-н алмашат. Түндүктө өлкө аймагынын 1/ бөлүгүн судан зонасынын накта өскүлөң саван­насы ээлейт. Саваннанын дарак өсүмдүктөрүнө чанактуулардын өкүлдөрү – буркея, афзелия, изоберлиния, о. эле комбретум, лофира ж. б. мүнөздүү. Паникум, андропогон, элионурус ж. б. кылкандууөсүмдүктөрбадалдарм-нкезектешип таралган. Саванна зонасында дарыяларды жээк­тей галерея токою түндүктү карай терең кирет. Мезгил-мезгили м-н суу каптап турган дарыя жайылмаларында гипаррения басымдуулук кы­лат. Саванна зонасында кайрак дыйканчылы­гы өнүккөн (жүгөрү, шалы, жер жаңгак, пах­та), май дарагы (карите), манго ж. б. өстүрүлөт. Түн.-батышындагы тоолорго ландшафттын би­йиктик алкактуулугу мүнөздүү: тоо этектерин дайыма жашыл экватор токою, андан жогору 600–1600 м бийиктиктерди галерея токойлуу эда­фон саваннасы, андан жогору африка-альп өсүм­дүктүү бийик тоо шалбаасы, айрым жерлерин реликт бийик тоо токою ээлейт. Өзгөчө жаны­барлар дүйнөсүнө бай. Фаунасы сүт эмүүчүлөрдүн 230 түрүн (анын 19у жоголуу алдында), уялоо­чу куштардын 250 түрүн (12си жоголуу алдын­да), сойлоочулардын 125, жерде-сууда жашоо­чулардын 40ка жакын түрүн камтыйт. Айрык­ча маймылдар өтө көп ж-а ар түрдүү (примат­тардын түрү 10 миңден ашык): павиан, анубис, мартышка, колобус, шимпанзе ТКЭСтин Кызыл китебине катталган. Ача туяктуулардын 28 түрү белгилүү: сөөлдүү доңуз, чачы кулак доңуз, ки­дик бегемот (Батыш Африканын эндемиги), түрдүү көңдөй мүйүздүүлөр ж. б. Жырткычтар­дын 25 түрү бар, а. и. түрдүү виверралар (генета­лар, циветалар), чанда кездешүүчү түрлөрү – кабылан, африка алтын мадылы, көк жал ит ж. б. да жашайт. Кескелдирик, түтүк тиштер да мекендейт. Коргоого алынган аймактарда африка пили, ак керик бар. Дарыяларында кро­кодил арбын кездешет. Цеце чымыны да кеңи­ри таралган.
Коргоого алынган жерлер өлкө аймагынын 17% аянтын ээлейт. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине Комоэ (Батыш Африкадагы ири парк­тардын бири, аянты 1,15 миң га) ж-а Таи (да­йыма жашыл нымдуу токойдун адам баласы­нын таасирине аз дуушарланган аймактардын бири) улуттук парктары, ЮНЕСКОнун биосфе­ралык резерваттарына К.-д–И. м-н Гвинеядагы Мон-Нимба резерваты киргизилген.

Калкы

. К.-д–И-дын калкынын көбү нигер-кон­го тилдеринде сүйлөйт: өлкөнүн түш.-чыгышын­да ква (31%), түн.-чыгышында – гур (18,2%), түндүгүндө – сенуфо (9,6%), түш.-батышында – кру (8,5%) ж. б., батышында, түн.-батышында ж-а түн.-чыгышында – манде тилдүү (28,7) ж. б. элдер мекендейт. Шаарларында о. эле фульбе, хауса, йоруба, араб, француз, немец, англис ж. б. жашайт. Калктын 40%ке жакыны мусулман­суниттер, 28%тейи христиандар; 30%ке жакы­ны жерг. салттуу динди тутат. 20-к-дын 2-жа­рымынан өлкөнүн калкынын саны 5тен ашык эсе өстү; калктын табигый өсүүсүнүн жылдык орт. темпи төмөндөөдө. Төрөлүүнүн саны (1000 тургунга 32,7 бала; 2008) өлүм-житимден (11,2 адам) кыйла ашык. Эмгекке жарамдуу курак­тагылар (15–64 жаштагылар) 56,3%ти, 14 жаш­ка чейинки өспүрүмдөр 40,9%ти, 65 ж-а андан улуулар 2,8%ти түзөт. Калктын орт. курагы – 19 жыл. Өмүрдүн күтүлгөн орт. узактыгы – 54,6 жыл (эркектердики 53,9, аялдардыкы 54,4 жыл). Эркектер м-н аялдардын саны дээрлик бирдей. Калктын орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 64,5 адам туура келет (2008; Тропиктик Африкадагы калк эң жыш жайгашкан өлкө). Шаар калкы 50% (2008). Ири шаарлары: Абижан (3900 миң; 2008), Буаке (624,5 миң), Далоа (234,7 миң), Ямусук­ро (227 миң), Корого (2002,2 миң), Сан-Педро (160,2 миң). Экономикасында 6,9 млн адам, анын 68%тейи а. ч-нда иштейт (2007).

Тарыхы

. Дарыя жээктеринен табылган нео­литтик мастерскойлор К.-д–И. аймагында таш доорунда эле адам жашагандыгын айгинелейт. Б. з. ч. 3–2-миң жылдыктарда дыйканчылык (саванна ж-а кийин токой зоналарында), б. з. 1-миң жылдыгында темир иштетүү өндүрүшү, карапа идиш жасоо ж. б. кол өнөрчүлүгү өнүгө баштаган. 2-миң жылдыктын башында бул ай­мактарга түн.-батыштан келген сену фо элдери отурукташкан. Алар негиздеген Конг ш. Батыш Африкадагы соода борбору болгон. 15–16-к-да манде тилинде сүйлөгөн элдер (малинке, дью ла ж. б.) сену фо элин түн.-батышка сүргөн. 18- к-дын башында алгачкы мамлекет пайда бол-

гон. 15-к-дын аягында ев­ропалыктар, негизинен португалдар келе башта­ган. Алар өлкөдөн кул, ал­тын ж-а пил сөөгүн (фран­цузчадан которгондо Кот­д–Ивуар Пил Сөөктүү Жээк, ПСЖ дегенди билгизет) алып турган. 1637-жылдан француздар келип отурук­ташып, 1893-ж. ПСЖни өз колониясына айландыр­ган. 1895-ж. Франция Ба­тыш Африкасынын кура­мына кирген. 1930-жыл­дардын аягында ПСЖде африкалыктардын проф­союз ж-а коомдук уюмда­ры пайда болуп, саясий укуктарын талап кылыш­кан. 1946-ж. октябрда ПСЖ деңиздин ары жагындагы Франция аймагы статусуна ээ болгон. 1946-ж. Демокр. парт иясы негиздел ген. 1958-ж. 28-сентябрда Фран­ция Коомдоштугуна мүчө болгон соң, Д. Ф. Уфуэ- Буаньи жетектеген Демокр. партиядан өкмөт түзүлгөн. 1960-ж. 7-августта К.-д–Ивуар Респ. жарыяла­нып, Франция Коомдоштугунан чыккан. Ноябр­да жаңы Конституция кабыл алынган. 1960-ж. ноябрда Д. Ф. Уфуэ-Буаньи президенттикке шай­ланган. 1960–80-жылдары өлкөнүн экономика­сы өскөн, 1980-жылдарда кофе ж-а какао да­нына болгон дүйнөлүк баа төмөндөп кеткен­диктен, өлкөнүн экономикасы кризиске учура­ган. Инфляция өсүп, массалык жумушсуздук пайда болуп, элдин жашоо турмушу начарла­ган. 1995-ж. президенттикке шайланган Де­мокр. партиянын өкүлү Э. А. К. Бедьенин учу­рунда өлкө ичиндеги саясий кырдаал өтө кур­чуп кеткен. Отставкадагы генерал Р. Гюэй баш­таган аскер кызматкерлери мамл. төңкөрүш жа­саган, Конституциянын иши токтотулуп, пре­зидент бийликтен четтетилген, өкмөт м-н пар­ламент таркатылган, бийлик Коомдук сактап калуу Улуттук к-тине өткөн. 2000-ж. Убакты­луу өкмөт түзүлүп, Р. Гюэй респ. президенти ж-а коргоо министри кызматтарына ээ болгон. Жаңы Конституция кабыл алынып, 2000-ж. 1-августта күчүнө кирген. 2000-ж. 22-октябрда Ивуар элдик фронттун лидери Л. К. Гбагбо пре­зиденттикке шайланган. Өлкөдө саясий кырда­ал тынчыбай, бийлик үчүн козголоңдор болуп турган. 2004-ж. жайында Аккра (Гана) ш-нда 13 африкалык мамлекет башчыларынын сам­мити өтүп, анда К.-д–И. өкмөтү м-н көтөрүлүш­чүлөрдүн ортосунда чыр-чатакты жөнгө салуу б-ча макулдашууларга жетишкен. 2007-ж. март­та Буркино-Фасонун борбору – Уагадугу ш-нда Л. К. Гбагбо м-н ивуар оппозициялык күчтөрү­нүн лидери Г. К. Соронун ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, өлкөдө Г. К. Соро жетектеген жаңы өткөөл өкмөттүн түзүлүшү (2007-ж. 7-апрель) м-н аяктаган.

Чарбасы

. Өлкөнүн экономикасынын негизин а. ч. түзөт. ИДПнин көлөмү 33,1 млрд доллар (2007), аны киши башына бөлүштүргөндө 1,7 миң доллардан туура келет. Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,432 (2005; дүйнөдөгү 177 өлкөнүн ичи­нен 166-орунда). ИДПнин реалдуу өнүгүүсү 1,6% (2007). ИДПнин структурасында тейлөө чөйрө­сүнүн үлүшү 50%, а. ч-ныкы 28%, ө. ж-ныкы 22%. Ө. ж-нда Гвинея булуңунун шельфинин чыгыш бөлүгүнөн нефть ж-а газ өндүрүүнүн маа­ниси зор. Өндүрүлгөн нефтинин жалпы көлө­мү суткасына 52 миң баррель (2007). Нефть өн­дүрүүнүн ири кендери: Эспуар (28,1 миң бар­рель/сутка), Баобаб (21,1 миң), Лайон (1,9 миң). Нефтинин 60%ке жакыны экспорттолот (2/ си Батыш Европа өлкөлөрүнө, негизинен Германия­га). 2006-ж. 22 млрд м3 табигый газ өндүрүлгөн, ал өлкө ичинде гана пайдаланылат. Электр энер­гиясына болгон муктаждыгын өзүнүн отун ре­сурстары м-н толук камсыз кылат. Электр стан­цияларынын кубаттуулугу 1,1 миң МВт (2005). 2006-ж. 5,3 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрү­лүп, анын 1,1 млрды экспорттолгон. Энергия­нын басымдуу бөлүгүн ЖЭСтер табигый газдан иштеп чыгат. Эң ири ЖЭС – Azito (Абижанга жакын; кубаттуулугу 288 МВт, өндүрүлгөн энергиянын 1/ ин берет). Электр энергиясынын 1/ ине жакыны ГЭСтерде өндүрүлөт. Абижанда өлкөдөгү жалгыз нефть ажыратуучу з-д иштейт (кубаттуулугу суткасына 65 миң баррель. Нефть продукцияларын Мали, Буркино-Фасо, Нигер өлкөлөрүнө экспорттойт. Алтын (2006-ж. 1,3 т, 2002-ж. 3,6 т; Ити, Субре кендери), алмаз (2006-ж. 300 миң кар; өлкөнүн түндүгүндө ж-а батышында) казылып алынат. Чакан металлур­гия ж-а металл иштетүүчү ишканалар (Абижан­да болот барак, тунуке, түтүк, зым ж. б. чыга-

Абижан шаарындагы нефть ажыратуу заводу.

руучу), автомобиль кураштыруучу, мотоцикл, велосипед, электр-техника буюмдарын чыга­руучу з-ддор (Абижан), көптөгөн хим. ишкана­лар (лак-сыр, пластмасса, парфюмерия-косме­тика продукциялары, тиричилик химиясы, жер семирткичтер, пестициддер ж. б.), целлюлоза з-ду, 2 текстиль комбинаты (негизинен кебез кез­деме, бир аз синтез кездеме) иштейт. Бир нече

чакан булгаары-бут кийим чыгаруучу ишкана, ширеңке ф-касы, кеме куруучу ж-а аны ремонт­тоочу верф (Абижанда) бар. Жыгач даярдоочу ж-а аны иштетүүчү ө . ж. тармактары тез өнүгүүдө. Курулуш материалдарын (кум, шагыл, акиташ ж. б.) даярдоочу ишканалары бар. Аби­жанда карапа з-ду иштейт. Тамак-аш ө. ж. (пальма майын, какао майын, какао, консер-

Какао жыйноо.

валанган ананас ж-а мөмө-жемиштердин шире­си, балык консервалары) тармагынын мааниси зор. Абижан м-н Сан-Педродо ири ун ж-а нан комбинаттары бар.

А. ч-нын башкы тармагы – өсүмдүк өстүрүү­чүлүк. Өлкөнүн жеринин 10%и (4%тейи турук­туу) иштетилет; анын 1/ ине какао өстүрү­лөт. Какао данын даярдоо б-ча К.-д–И. дүйнөдө 1-орунда (2005-ж. 1 млн т дан ашык; дүйнөлүк өндрүштүн 45%тейи; ИДП наркынын 15%и). О. эле кофе (2005-ж. 130,8 миң т жашыл даны жыйналган, дүйнөдө 10-орунда), жер жаңгак (72,5 миң т), кешью жаңгагы (59 миң т; дүйнөдө 7-орунда), ананас (34,8 миң т; дүйнөдө 18-орун­да), бал камыш (22,8 миң т), кокос жаңгагы, авокадо, манго, пахтанын экспорттук мааниси бар. Май пальмасы, гевеянын плантациялары да зор аянттарды ээлейт. К.-д–И. – Африкадагы нукура каучук өндүрүүчү бирден бир өлкө (2005-ж. 72,4 миң т; дүйнөдө 8-орунда). Маанилүү азык-түлүк өсүмдүктөрү: ямс, плантейн, күрүч, маниок, жүгөрү. Кой, эчки, уй, чочко асыралат. Балык уулоо тармагы келечектүү.
Автомобиль жолунун уз. 80 миң км (2006). Жалгыз т. ж-нун (Абижан –Буркина-Фасонун чек арасы) уз. 660 км. Деңиз порттору: Абижан (Батыш Африкадагы эң ири порт; сырткы соо­данын 90%тейин камсыз кылат), Сан-Педро (негизинен жыгач, тактай ташыйт). 7 аэропор­ту бар; эл аралык аэропорт Абижан, Ямусукро, Буаке ш-нда жайгашкан.
Товардык экспортунун наркы 18,5 млрд, им­порттуку 6,1 млрд доллар (2007). Экспортунун

Кот-д–Ивуардын акчасы – франк.

товардык структурасында агр. продукция басым­дуу, алар: какао даны ж-а какао-продуктула­ры, кофе, пахта, каучук, пальма майы, мөмө­жемиш; экспорт наркынын 25%тейин нефть ж-а нефть продуктулары түзөт. О. эле жыгач, тактай, балык консерваларын да сатат. Негиз­ги кардарлары (2006): Германия, Нигерия, Ни­дерланд, Франция, АКШ, Буркина-Фасо. К.-д–И. Нигерия, Франция, Кытайдан нефть, нефть про­дуктуларын, машина ж-а жабдууларды, транс­порт каражаттарын, азык-түлүк сатып алат.

Маданияты

. Билим берүү системасы 6 жаш­тан 6 жылдык башталгыч акысыз, милдеттүү окутуу, о. эле 7 жылдык орто (4 жылдык толук эмес, 3 жылдык толук) ж-а жогорку билим берүүнү камтыйт (2009). Мамл. ж-а менчик окуу жайлары (колледж, лицей), Башкы музейлери, китепканалары, ил. мекемелери Абижан, Буа­ке, Корого ш-нда жайгашкан. Күн сайын өкмөт­түк «Fraternite Matin» (1964) «Ivoir´Soir» (1987) ж. б. гезиттер, ай сайын өкмөттүк кабарлар журналы (1958), о. эле телекөрсөтүү 1963-жыл­дан иштейт.
Адабияты француз тилинде өнүгүүдө. 1930- жылдары улуттук драматургия пайда болгон. 1938-ж. уюшулган «Тузем театрында» Б. Б. Да­дье, Ф. Ж. Амон д–Аби ж. б. колониялык эзүүнү чагылдырган турмуштук, тарыхый пьесалары коюлган. 1952-ж. ад-т м-н поэзиянын элдик ака­демиясы түзүлгөн. 1962-ж. француз тилинде жазган улуттук жазуучулардын ассоциациясы уюшулган. 1960–70-жылдары баатырдык-тары­хый драма өнүккөн: француз классицизминин таасиринде Э. Дервендин «Саран, же кылмыш­кер Ханыша», «Тил жана чаян» (экөө тең, 1968), Ш. Нокандын «Чаконун кайгысы» (1968), баул элинин келип чыгышын чагылдырган «Абраа Пок же улуу африканка» (1970) пьесалары жа­ралган. 1950-жылдары поэзия ж-а проза дүркү­рөп өскөн (Б. Б. Дадье, «Африка өнүгүүнүн үс­түндө», 1950, «Дүйнө элдери», 1967; Ж. М. Бо­ньини, «Үмүткө каардуу чакырык», 1961). 1970- жылдары поэзияда Африканын өткөн доору романтикалык маанайда чагылдырылган (Б. За­ду Заур, А. Канние). Прозанын телчигиши Даь­денин чыг-лыгына байланыштуу «Африка ле­гендалары» жыйнагы, «Клембье» романы ж. б.). Учурдун проблемалары чагылдырылган А. Лоб­дун «Кокумбо – кара студент» (1960), Ш. Но­кандын «Карарган таң» (1962), «Катуу шамал» (1966) романдары жарык көргөн. Негритюда багытында М. Кондун «Буакелик өспүрүм» (1963), Ж. Додонун «Уаззи», Т. Демдин «Массе­ни» П. Дю Прейдин «Басылган өрт» (бардыгы – 1977) романдары жаралган. Ж. М. Адьяфинин бабалардын руханий ж-а маданий мурасын унутпоого чакырган «Жеке күбөлүк» (1980) ат­туу роман-притчасы жарык көргөн. А. Курума­нын чыгармалары («Моннэ, же кордолгондор­дун айбаты», 1990 ж. б.) жогорку көркөмдүк­түн үлгүсү болуп калды.
Өлкөнүн түштүгүндө чатыры пальма бутакта­ры менен жабылган тик бурч үйлөрдү курушат, бауле, аньи элдери сүйрү тегерек тарткан үйлөрүн айланта бастырма салышат. Түн.-батышына конус сымал камыш чатырлуу тегерек үйлөр, чыгышына топурактан согулган үстү жалпак тик бурчтуу үйлөр мүнөздүү, борб. бөлүгүндө 3–4 бөлмөлүү бурчтарынын кыры жумуруланган тик бурчтуу үйлөр мүнөздүү. Эгемендик алгандан кийин 1–4 кабат үйлөр, ылдыйкы кабатында соода борбору ж. б. жайгашкан көп кабат има­раттар курулган: «Нур ал-Хаят» борбору (1960– 70-жылдар), Мандагы «Каскад» отели (1969) ж. б. курулуштарда темир-бетон ж-а айнек кол­донулат. 1970-жылдарда О. К. Колуб Ямусукро шаарынын башкы планын түзүп, брутализм фор­масындагы коомдук имараттар комплексин кур­ган: Конгресс ж-а Президент дворецтери, Прези­дент отели ж. б. 1980-жылдарда католик храм­дары тургузулган: постмодернизм элементтерин камтыган Ыйык Павел собору (1985), Ямусук­родогу Нотр-Дам-Де-Ла-Пэ собору (1986–89).
Живопись 1960-жылдардан баштап өнүгүүдө (М. Кодью, Э. Ж. Сантони, Я. Бат ж.б.). Скульп­торлордон К Латтье (металл), С. Дого Яо, К. Му­рафье (бауле карапа скульптурасы) белгилүү. Жыгачтан буюм жасоо, алтын, коло, жез иш­тетүү, кездеме токуу өнүккөн.
Муз. мад-ты дан, малинке, бауле, ве, сенуфо элдеринин салттарына негизделген. Муз. билим берүү ж-а салттык музыканы изилдөөнүн бор­бору – Абижан. Улуттук театр салты гриоттор­дун иск-восунан башат алат. 1938-ж. У. Понти (Дакар) мектебинин бүтүрүүчүлөрү Абижанда ачкан «Тузем театры» 1953-ж. Мад-т ж-а фоль­клор ийримине айланып, бүткүл Батыш Афри­канын маданий турмушунда зор мааниге ээ бол­гон. Анда турмуштук ж-а тарыхый пьесалар коюлган. 1958-ж. Пил Сөөктүү Жээктин театр коому, 1959-ж. Драма өнөр мектеби (кийин Улут­тук иск-во ин-тунун театр мектеби) уюшулган. 1980-2000-жылдарда актёр, режиссёр М. Эниси, 21-к-дын башында актёр, режиссёр С. Бакаба кеңири белгилүү болгон. 1993-жылдан 2 жылда бир жолу эл аралык иск-во фестивалы өткөрүлөт.
Өлкөдө фольклорго негизделген бийлерге өзгөчө көңүл бурулат. 1974-ж. Кот-д–Ивуардын улут­тук балети түзүлгөн.
Кинонун пайда болушу Т. Басоринин ысымына байланыштуу. 1960-ж. кыска метраждуу фильм­дерди, 1969-ж. биринчи улуттук толук метраж­дуу «Бычак кармаган аял» фильмин тарткан. 1970-жылдарда турмуштук көрүнүштөрдү чагыл­дырууга көңүл бурулган («Аманье», «Шляпа», Р. М–Бала; «Муэдзиндин кыйкырыгы», Э. Н–Да­биано Водио). 20-к-дын акырында кинемато­графисттер адеп-ахлак ж-а коом турмушунун

актуалдуу темаларына кайрылышкан. 1974-ж. Кот-д–Ивуардын кесипкөй кино ишмерлеринин ассосияциясы (Кинематографисттердин Панаф­рика федерациясына кирет) уюшулган. Өлкөнүн фильмдери 1969-жылдан Уагадугуда өтүүчү Бүт­күл африкалык фестивалга катышат.


Ад.: Токарева З. И. Республика Кот-Д–Ивуар. Спра­вочник. М., 1990; Страны и регионы мира. 3-е изд. М., 2009; Кот-д–Ивуар. Республика Кот-д–Ивуар// Большая Российская энциклопедия. Т. 15. М., 2010.