КОТ-Д-ИВУАР
КОТ-Д-ИВУА́Р , К о т - д–И в у а р Р е с п у бл и к а с ы – Борб. Африканын батыш бөлүгүндө жайгашкан мамлекет. Түштүгүнөн Атлантика океанынын Гвинея булуңу м-н чулганат (жээк сызыгынын уз. 515 км). Түндүгүнөн Мали ж-а Буркина-Фасо, чыгышынан Гана, батышынан Либерия ж-а Гвинея м-н чектешет. Аянты 322,5

миң км2. Калкы 20,8 млн (2008). Борбору – Ямусукро. Расмий тили – француз тили. Акча бирдиги – КФА франкы. Адм.-айм. жактан 19 облуска бөлүнөт (к. таблицаны).
К.-д–И. – БУУнун (1960), ЭВФтин (1963), Эл
аралык өнүгүү ж-а реконструкция банкынын (1963), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), Африка союзунун (1963; 2002-ж. чейин Африка биримдиги уюму) мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү
. К.-д–И. – унитардык мамлекет. Конституциясы 2000-ж. 23-июлда кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик респ. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент, 5 жылдык мөөнөткө шайланат (бир жолу кайра шайланууга укуктуу). Президент премьер-министрди, өкмөт мүчөлөрүн дайындайт ж-а Жогорку башкы командачы болуп саналат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу парламент (Улуттук чогулуш), 5 жылга шайланат. К.-д–И-да көп партиялуу система орун алган. Саясий партиялары: Ивуар элдик фронту, Демокр. партия ж. б.
| Облустары | Аянты,
км2 |
Калкы, миң | Адм. борбору |
| Агнеби | 9,1 | 706,9 | Агбовиль |
| Бафинг | 8,9 | 195 | Туба |
| Валле-дю-Бандама | 28,8 | 1459,0 | Буаке |
| Денгеле | 20,8 | 300,3 | Одиенне |
| Дизюит-Монтань | 16,7 | 1265,0 | Ман |
| Жогорку Сасандра | 15,4 | 1452,0 | Далоа |
| Занзан | 38,1 | 947,3 | Бондуку |
| Лагюн | 13,3 | 5051,6 | Абижан |
| Лак | 8,9 | 642,9 | Ямусукро |
| Марауэ | 8,6 | 750,0 | Буафле |
| Нзи-Комоэ | 19,6 | 852,1 | Димбокро |
| Ортоңку Кавалли | 14,2 | 694,0 | Гигло |
| Ортоңку Комоэ | 6,9 | 532,9 | Абенгуру |
| Саван | 40,4 | 1252,9 | Корого |
| Төмөнкү Сасандра | 25,8 | 1910,7 | Сан-Педро |
| Түштүк Бандама | 10,8 | 921,4 | Диво |
| Түштүк Комоэ | 7,4 | 621,4 | Гран-Басам |
| Уородугу | 21,9 | 506,0 | Сегела |
| Формаже | 6,9 | 732,8 | Ганьоа |
Табияты
. Гвинея булуңунун жээгинде булуңбуйткалар аз, батыш бөлүгү аскалуу, чыгышы жантайыңкы, кумдуу, узатасынан 300 кмден ашуун созулган лагуналар тилкеси ээлейт; ал Абижан ш. тушта деңиз м-н канал аркылуу туташат. К.-д–И. Түн. Гвинея дөңсөөсүнүн түш.
бөлүгүндө жайгашкан. Аймагынын рельефинде аз тилмеленген, бийикт. 200–500 м келген түздүктөр басымдуу. Батыш бөлүгүн цоколдук денудациялык бөксө тоолор ж-а дөңсөөлөр ээлейт.
Өлкөнүн аймагынын батыш чет-жакасына Леон-Либерия тоолорунун тармактары (Дан, Тура массивдери) кирип турат. Андагы Нимба
тоосу (1752 м) – өлкөнүн эң бийик жери. Чыгышындагы денудациялык көтөрүңкү түздүктөрдүн айрым жерлери граниттик калдык тоолор (инзельбергдер) м-н татаалдашкан. Гвинея булуңунун жээгиндеги аккумуляция ойдуңуна өтүп,
өлкөнүн түштүгүндө босоголор ж-а шаркыратмалар пайда болот. Өлкөнүн аймагы байыркы Африка платформасында жайгашкан. Негизги кен байлыктары: алтын (Ити, Анговия, Субре ж. б. кендери), нефть, күйүүчү табигый газ (шельфтерден өндүрүлөт), о. эле алмаз, марганец, темир, никель, кобальт, ниобий, тантал, боксит, цемент сырьёлору ж. б.
Өлкөнүн түш. бөлүгүнө дайыма нымдуу экватордук климат мүнөздүү. Жээк бөлүгүнө жылына 1800 ммден (Абижан) 2300 ммге чейин (Табу) жаан-чачын жаайт; абанын салыштырмалуу нымдуулугу жыл ичинде 75%тен төмөндөбөйт. Жээктин чыгыш бөлүгүндө жаан-чачын мол
жааган 2 (март – июль ж-а октябрь – ноябрь;
анда айына 100 ммден ашык жаан-чачын жаайт) ж-а салыштырмалуу кургакчыл 2 (декабрь – февраль ж-а август – сентябрь) мезгил
болот. Жаан-чачын эң аз (50 ммден аз) жааган
мезгил – январь ж-а февраль. Жээгинин батыш бөлүгүндө салыштырмалуу кургакчыл (айына
50 ммден аз) кыска мезгил январь – февралда
байкалат, ал эми калган айларында (марттан январга чейин) ай сайын 100 ммден ашык түшөт;
эң жаанчыл айы – июнь (500 ммден ашык). Эң
ысык айларынын (март – апрель) орт. темп-расы
27–28°С, эң серүүн айларыныкы (август – сентябрь) 24–25°С. Өлкөнүн борб. ж-а түн. бөлүктөрүнө нымдуулуктун сезон б-ча өзгөрүүсү байкалган субэкватордук климат мүнөздүү. Түздүктөрдө жылына 1100 ммдей, өлкөнүн түн.-батышында, Леон-Либерия тоолорунун этектеринде 1300–
1500 мм (Нимба тоосунун капталдарында 2200 ммге чейин) жаан-чачын жаайт. Жаанчыл
мезгил (март – октябрь) 7–8 айга созулат. Эң жаан-чачындуу мезгили – июль – сентябрь, анда
айына 150 ммден ашык жаан-чачын жаайт. Абанын орт. темп-расы 23–24°Сден (декабрь – июль) 28–29°Сге (февраль – март) чейин. Өлкөнүн түн.-
батышындагы тоолуу аймактардын климаты серүүн (1500 м бийиктиктерде жылдык орт.
темп-ра 16–19°С). Кургакчыл сезондо өлкөнүн
аймагында кургак түн.-чыгыш шамалы – харматан согот. Дарыя тармагы жыш, негизинен Гвинея булуңунун алабына кирет. Ири дарыялары: Бандама (уз. 1050 км), Комоэ (1160 км),

Сасандра (650 км), Кавалли (700 км). Түндүгүндөгү чакан аймактын дарыялары Нигер д-нын алабына кирет. Дарыяларынын ортоңку ж-а төмөнкү агымдары босоголуу болгондуктан, көбүндө кеме каттабайт. Суу сактагычтары бар. Жыл сайын калыбына келип туруучу суу ресурсу 81,14 км3, ар бир адамдын суу м-н камсыз болуусу жылына 4853 м3.
Өлкөнүн батыш бөлүгүнүн токой зонасында кызыл-сары ж-а кызыл ферралит топурактары басымдуу. Чыгышында кызыл-сары топурактан сырткары чакан аянттарда сары ферралит топурактары кездешет. Жээктердеги аккумуляциялык түздүктөрдө марш топурактары пайда болгон. Токой-саванналуу зонада ферралит топурактарынын комплеси ж-а феррозём өөрчүгөн.
Өлкөнүн борб. бөлүгүндөгү оёңдордо тропиктик кара топурактар таралган. Саванна зонасында феррозём үстөмдүк кылат; мында үбөлөнүүнүн латериттик кыртыш калдыктары (кирастар) кыйла янтты ээлейт. Ири дарыялардын өрөөндөрүндө гидроморфтук аллювий топурактуу жерлер да кездешет. Флорасы татаал өсүмдүктөрдүн 3,5 миңден ашык түрүн камтыйт (анын 100дөн ашык түрү жоголуу алдында турат, 60тан
ашык түрү – эндемиктер). Өлкөнүн түш. аймагында туруктуу-нымдуу дайыма жашыл ж-а жалбырагын чала түшүрүүчү токой басымдуулук кылат. Дайыма жашыл токойлордо чанактуулардын дарак өсүмдүктөрү (паркия, пиптадения, эритрофлеум ж. б.) кеңири таралган. Жалбырагын чала түшүрүүчү токойлордо топчу баш, стеркуль, кара жыгач ж-а тыт тукумдарына киргендер көп кездешет. Жалпы эле бул
токойлорго баалуу дарактар – энтандрофрагма,
кайя мүнөздүү. Токой аянты 7,1 млн га (2002);
чарбалык аракеттерден токой аянттары кичирейүүдө; жылына 7%ке чейин токой кыйылып жок болууда. Түндүктү карай кургачыл сезон узара баштагандыктан, токой токойлуу-саванна м-н алмашат. Түндүктө өлкө аймагынын 1/ бөлүгүн судан зонасынын накта өскүлөң саваннасы ээлейт. Саваннанын дарак өсүмдүктөрүнө
чанактуулардын өкүлдөрү – буркея, афзелия,
изоберлиния, о. эле комбретум, лофира ж. б. мүнөздүү. Паникум, андропогон, элионурус ж. б. кылкандууөсүмдүктөрбадалдарм-нкезектешип таралган. Саванна зонасында дарыяларды жээктей галерея токою түндүктү карай терең кирет. Мезгил-мезгили м-н суу каптап турган дарыя жайылмаларында гипаррения басымдуулук кылат. Саванна зонасында кайрак дыйканчылыгы өнүккөн (жүгөрү, шалы, жер жаңгак, пахта), май дарагы (карите), манго ж. б. өстүрүлөт. Түн.-батышындагы тоолорго ландшафттын бийиктик алкактуулугу мүнөздүү: тоо этектерин дайыма жашыл экватор токою, андан жогору
600–1600 м бийиктиктерди галерея токойлуу эдафон саваннасы, андан жогору африка-альп өсүмдүктүү бийик тоо шалбаасы, айрым жерлерин реликт бийик тоо токою ээлейт. Өзгөчө жаныбарлар дүйнөсүнө бай. Фаунасы сүт эмүүчүлөрдүн 230 түрүн (анын 19у жоголуу алдында), уялоочу куштардын 250 түрүн (12си жоголуу алдында), сойлоочулардын 125, жерде-сууда жашоочулардын 40ка жакын түрүн камтыйт. Айрыкча маймылдар өтө көп ж-а ар түрдүү (приматтардын түрү 10 миңден ашык): павиан, анубис, мартышка, колобус, шимпанзе ТКЭСтин Кызыл китебине катталган. Ача туяктуулардын 28 түрү белгилүү: сөөлдүү доңуз, чачы кулак доңуз, кидик бегемот (Батыш Африканын эндемиги), түрдүү көңдөй мүйүздүүлөр ж. б. Жырткычтардын 25 түрү бар, а. и. түрдүү виверралар (генеталар, циветалар), чанда кездешүүчү түрлөрү –
кабылан, африка алтын мадылы, көк жал ит ж. б. да жашайт. Кескелдирик, түтүк тиштер да мекендейт. Коргоого алынган аймактарда африка пили, ак керик бар. Дарыяларында крокодил арбын кездешет. Цеце чымыны да кеңири таралган.
Коргоого алынган жерлер өлкө аймагынын
17% аянтын ээлейт. Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине Комоэ (Батыш Африкадагы ири парктардын бири, аянты 1,15 миң га) ж-а Таи (дайыма жашыл нымдуу токойдун адам баласынын таасирине аз дуушарланган аймактардын бири) улуттук парктары, ЮНЕСКОнун биосфералык резерваттарына К.-д–И. м-н Гвинеядагы
Мон-Нимба резерваты киргизилген.
Калкы
. К.-д–И-дын калкынын көбү нигер-конго тилдеринде сүйлөйт: өлкөнүн түш.-чыгышында ква (31%), түн.-чыгышында – гур (18,2%), түндүгүндө – сенуфо (9,6%), түш.-батышында – кру (8,5%) ж. б., батышында, түн.-батышында ж-а түн.-чыгышында – манде тилдүү (28,7) ж. б. элдер мекендейт. Шаарларында о. эле фульбе, хауса, йоруба, араб, француз, немец, англис ж. б. жашайт. Калктын 40%ке жакыны мусулмансуниттер, 28%тейи христиандар; 30%ке жакыны жерг. салттуу динди тутат. 20-к-дын 2-жарымынан өлкөнүн калкынын саны 5тен ашык эсе өстү; калктын табигый өсүүсүнүн жылдык орт. темпи төмөндөөдө. Төрөлүүнүн саны (1000 тургунга 32,7 бала; 2008) өлүм-житимден (11,2 адам) кыйла ашык. Эмгекке жарамдуу курактагылар (15–64 жаштагылар) 56,3%ти, 14 жашка чейинки өспүрүмдөр 40,9%ти, 65 ж-а андан улуулар 2,8%ти түзөт. Калктын орт. курагы – 19 жыл. Өмүрдүн күтүлгөн орт. узактыгы – 54,6 жыл (эркектердики 53,9, аялдардыкы 54,4 жыл). Эркектер м-н аялдардын саны дээрлик бирдей. Калктын орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 64,5 адам туура келет (2008; Тропиктик Африкадагы калк эң жыш жайгашкан өлкө). Шаар калкы 50% (2008). Ири шаарлары: Абижан (3900 миң; 2008), Буаке (624,5 миң), Далоа (234,7 миң), Ямусукро (227 миң), Корого (2002,2 миң), Сан-Педро (160,2 миң). Экономикасында 6,9 млн адам, анын 68%тейи а. ч-нда иштейт (2007).
Тарыхы
. Дарыя жээктеринен табылган неолиттик мастерскойлор К.-д–И. аймагында таш доорунда эле адам жашагандыгын айгинелейт. Б. з. ч. 3–2-миң жылдыктарда дыйканчылык (саванна ж-а кийин токой зоналарында), б. з. 1-миң жылдыгында темир иштетүү өндүрүшү, карапа идиш жасоо ж. б. кол өнөрчүлүгү өнүгө баштаган. 2-миң жылдыктын башында бул аймактарга түн.-батыштан келген сену фо элдери отурукташкан. Алар негиздеген Конг ш. Батыш Африкадагы соода борбору болгон. 15–16-к-да манде тилинде сүйлөгөн элдер (малинке, дью ла ж. б.) сену фо элин түн.-батышка сүргөн. 18- к-дын башында алгачкы мамлекет пайда бол-

гон. 15-к-дын аягында европалыктар, негизинен португалдар келе баштаган. Алар өлкөдөн кул, алтын ж-а пил сөөгүн (французчадан которгондо Котд–Ивуар Пил Сөөктүү Жээк, ПСЖ дегенди билгизет) алып турган. 1637-жылдан француздар келип отурукташып, 1893-ж. ПСЖни өз колониясына айландырган. 1895-ж. Франция Батыш Африкасынын курамына кирген. 1930-жылдардын аягында ПСЖде африкалыктардын профсоюз ж-а коомдук уюмдары пайда болуп, саясий укуктарын талап кылышкан. 1946-ж. октябрда ПСЖ деңиздин ары жагындагы Франция аймагы статусуна ээ болгон. 1946-ж. Демокр. парт иясы негиздел ген. 1958-ж. 28-сентябрда Франция Коомдоштугуна мүчө болгон соң, Д. Ф. Уфуэ- Буаньи жетектеген Демокр. партиядан өкмөт түзүлгөн. 1960-ж. 7-августта К.-д–Ивуар Респ. жарыяланып, Франция Коомдоштугунан чыккан. Ноябрда жаңы Конституция кабыл алынган. 1960-ж. ноябрда Д. Ф. Уфуэ-Буаньи президенттикке шайланган. 1960–80-жылдары өлкөнүн экономикасы өскөн, 1980-жылдарда кофе ж-а какао данына болгон дүйнөлүк баа төмөндөп кеткендиктен, өлкөнүн экономикасы кризиске учураган. Инфляция өсүп, массалык жумушсуздук пайда болуп, элдин жашоо турмушу начарлаган. 1995-ж. президенттикке шайланган Демокр. партиянын өкүлү Э. А. К. Бедьенин учурунда өлкө ичиндеги саясий кырдаал өтө курчуп кеткен. Отставкадагы генерал Р. Гюэй баштаган аскер кызматкерлери мамл. төңкөрүш жасаган, Конституциянын иши токтотулуп, президент бийликтен четтетилген, өкмөт м-н парламент таркатылган, бийлик Коомдук сактап калуу Улуттук к-тине өткөн. 2000-ж. Убактылуу өкмөт түзүлүп, Р. Гюэй респ. президенти ж-а коргоо министри кызматтарына ээ болгон. Жаңы Конституция кабыл алынып, 2000-ж. 1-августта күчүнө кирген. 2000-ж. 22-октябрда Ивуар элдик фронттун лидери Л. К. Гбагбо президенттикке шайланган. Өлкөдө саясий кырдаал тынчыбай, бийлик үчүн козголоңдор болуп турган. 2004-ж. жайында Аккра (Гана) ш-нда 13 африкалык мамлекет башчыларынын саммити өтүп, анда К.-д–И. өкмөтү м-н көтөрүлүшчүлөрдүн ортосунда чыр-чатакты жөнгө салуу б-ча макулдашууларга жетишкен. 2007-ж. мартта Буркино-Фасонун борбору – Уагадугу ш-нда Л. К. Гбагбо м-н ивуар оппозициялык күчтөрүнүн лидери Г. К. Соронун ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, өлкөдө Г. К. Соро жетектеген жаңы өткөөл өкмөттүн түзүлүшү (2007-ж. 7-апрель) м-н аяктаган.
Чарбасы
. Өлкөнүн экономикасынын негизин а. ч. түзөт. ИДПнин көлөмү 33,1 млрд доллар (2007), аны киши башына бөлүштүргөндө 1,7 миң доллардан туура келет. Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,432 (2005; дүйнөдөгү 177 өлкөнүн ичинен 166-орунда). ИДПнин реалдуу өнүгүүсү 1,6% (2007). ИДПнин структурасында тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 50%, а. ч-ныкы 28%, ө. ж-ныкы 22%. Ө. ж-нда Гвинея булуңунун шельфинин чыгыш бөлүгүнөн нефть ж-а газ өндүрүүнүн мааниси зор. Өндүрүлгөн нефтинин жалпы көлөмү суткасына 52 миң баррель (2007). Нефть өндүрүүнүн ири кендери: Эспуар (28,1 миң баррель/сутка), Баобаб (21,1 миң), Лайон (1,9 миң). Нефтинин 60%ке жакыны экспорттолот (2/ си Батыш Европа өлкөлөрүнө, негизинен Германияга). 2006-ж. 22 млрд м3 табигый газ өндүрүлгөн, ал өлкө ичинде гана пайдаланылат. Электр энергиясына болгон муктаждыгын өзүнүн отун ресурстары м-н толук камсыз кылат. Электр станцияларынын кубаттуулугу 1,1 миң МВт (2005). 2006-ж. 5,3 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлүп, анын 1,1 млрды экспорттолгон. Энергиянын басымдуу бөлүгүн ЖЭСтер табигый газдан иштеп чыгат. Эң ири ЖЭС – Azito (Абижанга жакын; кубаттуулугу 288 МВт, өндүрүлгөн энергиянын 1/ ин берет). Электр энергиясынын 1/ ине жакыны ГЭСтерде өндүрүлөт. Абижанда өлкөдөгү жалгыз нефть ажыратуучу з-д иштейт (кубаттуулугу суткасына 65 миң баррель. Нефть продукцияларын Мали, Буркино-Фасо, Нигер өлкөлөрүнө экспорттойт. Алтын (2006-ж. 1,3 т, 2002-ж. 3,6 т; Ити, Субре кендери), алмаз (2006-ж. 300 миң кар; өлкөнүн түндүгүндө ж-а батышында) казылып алынат. Чакан металлургия ж-а металл иштетүүчү ишканалар (Абижанда болот барак, тунуке, түтүк, зым ж. б. чыга-

руучу), автомобиль кураштыруучу, мотоцикл, велосипед, электр-техника буюмдарын чыгаруучу з-ддор (Абижан), көптөгөн хим. ишканалар (лак-сыр, пластмасса, парфюмерия-косметика продукциялары, тиричилик химиясы, жер семирткичтер, пестициддер ж. б.), целлюлоза з-ду, 2 текстиль комбинаты (негизинен кебез кездеме, бир аз синтез кездеме) иштейт. Бир нече
чакан булгаары-бут кийим чыгаруучу ишкана, ширеңке ф-касы, кеме куруучу ж-а аны ремонттоочу верф (Абижанда) бар. Жыгач даярдоочу ж-а аны иштетүүчү ө . ж. тармактары тез өнүгүүдө. Курулуш материалдарын (кум, шагыл, акиташ ж. б.) даярдоочу ишканалары бар. Абижанда карапа з-ду иштейт. Тамак-аш ө. ж. (пальма майын, какао майын, какао, консер-

валанган ананас ж-а мөмө-жемиштердин ширеси, балык консервалары) тармагынын мааниси зор. Абижан м-н Сан-Педродо ири ун ж-а нан комбинаттары бар.
А. ч-нын башкы тармагы – өсүмдүк өстүрүүчүлүк. Өлкөнүн жеринин 10%и (4%тейи туруктуу) иштетилет; анын 1/ ине какао өстүрүлөт. Какао данын даярдоо б-ча К.-д–И. дүйнөдө
1-орунда (2005-ж. 1 млн т дан ашык; дүйнөлүк
өндрүштүн 45%тейи; ИДП наркынын 15%и). О. эле кофе (2005-ж. 130,8 миң т жашыл даны жыйналган, дүйнөдө 10-орунда), жер жаңгак (72,5 миң т), кешью жаңгагы (59 миң т; дүйнөдө 7-орунда), ананас (34,8 миң т; дүйнөдө 18-орунда), бал камыш (22,8 миң т), кокос жаңгагы, авокадо, манго, пахтанын экспорттук мааниси бар. Май пальмасы, гевеянын плантациялары
да зор аянттарды ээлейт. К.-д–И. – Африкадагы
нукура каучук өндүрүүчү бирден бир өлкө (2005-ж. 72,4 миң т; дүйнөдө 8-орунда). Маанилүү азык-түлүк өсүмдүктөрү: ямс, плантейн, күрүч, маниок, жүгөрү. Кой, эчки, уй, чочко асыралат. Балык уулоо тармагы келечектүү.
Автомобиль жолунун уз. 80 миң км (2006). Жалгыз т. ж-нун (Абижан –Буркина-Фасонун
чек арасы) уз. 660 км. Деңиз порттору: Абижан (Батыш Африкадагы эң ири порт; сырткы сооданын 90%тейин камсыз кылат), Сан-Педро (негизинен жыгач, тактай ташыйт). 7 аэропорту бар; эл аралык аэропорт Абижан, Ямусукро, Буаке ш-нда жайгашкан.
Товардык экспортунун наркы 18,5 млрд, импорттуку 6,1 млрд доллар (2007). Экспортунун

товардык структурасында агр. продукция басымдуу, алар: какао даны ж-а какао-продуктулары, кофе, пахта, каучук, пальма майы, мөмөжемиш; экспорт наркынын 25%тейин нефть ж-а нефть продуктулары түзөт. О. эле жыгач, тактай, балык консерваларын да сатат. Негизги кардарлары (2006): Германия, Нигерия, Нидерланд, Франция, АКШ, Буркина-Фасо. К.-д–И. Нигерия, Франция, Кытайдан нефть, нефть продуктуларын, машина ж-а жабдууларды, транспорт каражаттарын, азык-түлүк сатып алат.
Маданияты
. Билим берүү системасы 6 жаштан 6 жылдык башталгыч акысыз, милдеттүү окутуу, ошондой эле 7 жылдык орто (4 жылдык толук эмес, 3 жылдык толук) жана жогорку билим берүүнү камтыйт (2009). Мамлекеттик жана менчик окуу жайлары (коллеж, лицей), Башкы музейлери, китепканалары, илимий мекемелери Абижан, Буаке, Корого шаарында жайгашкан. Күн сайын өкмөттүк «Fraternite Matin» (1964) «Ivoir´Soir» (1987) жана башка гезиттер, ай сайын өкмөттүк кабарлар журналы (1958), ошондой эле телекөрсөтүү 1963-жылдан иштейт.
Адабияты француз тилинде өнүгүүдө. 1930-жылдары улуттук драматургия пайда болгон. 1938-жылы уюшулган «Тузем театрында» Б. Б. Дадье, Ф. Ж. Амон д–Аби жана башка колониялык эзүүнү чагылдырган турмуштук, тарыхый пьесалары коюлган. 1952-жылы адабият менен поэзиянын элдик академиясы түзүлгөн. 1962-жылы француз тилинде жазган улуттук жазуучулардын ассоциациясы уюшулган. 1960–1970-жылдары баатырдык-тарыхый драма өнүккөн: француз классицизминин таасиринде Э. Дервендин «Саран, же кылмышкер Ханыша», «Тил жана чаян» (экөө тең, 1968), Ш. Нокандын «Чаконун кайгысы» (1968), баул элинин келип чыгышын чагылдырган «Абраа Пок же улуу африканка» (1970) пьесалары жаралган. 1950-жылдары поэзия жана проза дүркүрөп өскөн (Б. Б. Дадье, «Африка өнүгүүнүн үстүндө», 1950, «Дүйнө элдери», 1967; Ж. М. Боньини, «Үмүткө каардуу чакырык», 1961). 1970- жылдары поэзияда Африканын өткөн доору романтикалык маанайда чагылдырылган (Б. Заду Заур, А. Канние). Прозанын телчигиши Даьденин чыгармачылыгына байланыштуу «Африка легендалары» жыйнагы, «Клембье» романы ж. б.). Учурдун проблемалары чагылдырылган А. Лобдун «Кокумбо – кара студент» (1960), Ш. Нокандын «Карарган таң» (1962), «Катуу шамал» (1966) романдары жарык көргөн. Негритюда багытында М. Кондун «Буакелик өспүрүм» (1963), Ж. Додонун «Уаззи», Т. Демдин «Массени» П. Дю Прейдин «Басылган өрт» (бардыгы – 1977) романдары жаралган. Ж. М. Адьяфинин бабалардын руханий жана маданий мурасын унутпоого чакырган «Жеке күбөлүк» (1980) аттуу роман-притчасы жарык көргөн. А. Куруманын чыгармалары («Моннэ, же кордолгондордун айбаты», 1990 жана башкалар) жогорку көркөмдүктүн үлгүсү болуп калды.
Өлкөнүн түштүгүндө чатыры пальма бутактары менен жабылган тик бурч үйлөрдү курушат, бауле, аньи элдери сүйрү тегерек тарткан үйлөрүн айланта бастырма салышат. Түндүк-батышына конус сымал камыш чатырлуу тегерек үйлөр, чыгышына топурактан согулган үстү жалпак тик бурчтуу үйлөр мүнөздүү, борбордук бөлүгүндө 3–4 бөлмөлүү бурчтарынын кыры жумуруланган тик бурчтуу үйлөр мүнөздүү. Эгемендик алгандан кийин 1–4 кабат үйлөр, ылдыйкы кабатында соода борбору жана башкалар жайгашкан көп кабат имараттар курулган: «Нур ал-Хаят» борбору (1960–1970-жылдар), Мандагы «Каскад» отели (1969) жана башка курулуштарда темир бетон жана айнек колдонулат. 1970-жылдарда О. К. Колуб Ямусукро шаарынын башкы планын түзүп, брутализм формасындагы коомдук имараттар комплексин курган: Конгресс жана Президент дворецтери, Президент отели жана башкалар 1980-жылдарда католик храмдары тургузулган: постмодернизм элементтерин камтыган Ыйык Павел собору (1985), Ямусукродогу Нотр-Дам-Де-Ла-Пэ собору (1986–1989).
Живопись 1960-жылдардан баштап өнүгүүдө (М. Кодью, Э. Ж. Сантони, Я. Бат жана башкалар). Айкелчилерден К Латтье (металл), С. Дого Яо, К. Мурафье (бауле карапа айкели) белгилүү. Жыгачтан буюм жасоо, алтын, коло, жез иштетүү, кездеме токуу өнүккөн.
Музыкалык маданияты дан, малинке, бауле, ве, сенуфо
элдеринин салттарына негизделген. Музыкалык билим берүү жана салттык музыканы изилдөөнүн борбору – Абижан. Улуттук театр салты гриоттордун искусствосунан башат алат. 1938-жылы У. Понти (Дакар) мектебинин бүтүрүүчүлөрү Абижанда ачкан «Тузем театры» 1953-жылы Маданият жана фольклор ийримине айланып, бүткүл Батыш Африканын маданий турмушунда зор мааниге ээ болгон. Анда турмуштук жана тарыхый пьесалар коюлган. 1958-жылы Пил Сөөктүү Жээктин театр коому, 1959-жылы Драма өнөр мектеби (кийин Улуттук искусство институтунун театр мектеби) уюшулган. 1980-2000-жылдарда актёр, режиссёр М. Эниси, XXI кылымдын башында актёр, режиссёр С. Бакаба кеңири белгилүү болгон. 1993-жылдан 2 жылда бир жолу эл аралык искусство фестивалы өткөрүлөт.
Өлкөдө фольклорго негизделген бийлерге өзгөчө көңүл бурулат. 1974-жылы Кот-д–Ивуардын улуттук балети түзүлгөн.
Кинонун пайда болушу Т. Басоринин ысымына байланыштуу. 1960-жылы кыска метраждуу тасмаларды, 1969-жылы биринчи улуттук толук метраждуу «Бычак кармаган аял» тасмасын тарткан. 1970-жылдарда турмуштук көрүнүштөрдү чагылдырууга көңүл бурулган («Аманье», «Шляпа», Р. М–Бала; «Муэдзиндин кыйкырыгы», Э. Н–Дабиано Водио). XX кылымдын акырында кинематографисттер адеп-ахлак жана коом турмушунун актуалдуу темаларына кайрылышкан. 1974-жылы Кот-д–Ивуардын кесипкөй кино ишмерлеринин ассосияциясы (Кинематографисттердин Панафрика федерациясына кирет) уюшулган. Өлкөнүн тасмалары 1969-жылдан Уагадугуда өтүүчү Бүткүл африкалык фестивалга катышат.
Ад.: Токарева З. И. Республика Кот-Д–Ивуар. Справочник. М., 1990; Страны и регионы мира. 3-е изд. М., 2009; Кот-д–Ивуар. Республика Кот-д–Ивуар//
Большая Российская энциклопедия. Т. 15. М., 2010.