КОСЫГИН: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы
КОСЫ́ГИН Алексей Николаевич [8(21). 2. 1904, Санкт-Петербург – 18. 12. 1980, Москва, сөөгү Кремль дубалына коюлган] – сов. мамл. ж-а парт. ишмер, эки жолку Соц. Эмг. Баатыры (1964, 1974). 1935-ж. Ленинграддагы текстиль ин-тун бүткөн. 1924–30-ж. Сибирдик керектөө кооперация системасында, 1935-жылдан А. И. Желябов атн. Ленинград текстиль ф-касында иштеген. 1937–38-ж. Ленинграддагы «Ок-

тябрьская» ф-касынын директору. ВКП(б)нын Ленинград обкомунун бөлүм башчысы, 1938–39-ж. Эмгекчилер депутаттарынын Ленинград шаардык Советинин
төрагасы. 1939–40-ж. текстиль ө.-ж. эл комиссары, 1940–60-ж. СССР ЭКСтин
төрагасынын орун басары, 1-орунбасары, ошол эле мезгилде 1943–46-ж. РСФСР ЭКСтин төрагасы.
Улуу
Ата Мекендик согушта эвакуация б-ча Советтин төрагасынын орун басары, Харьков, Москва ш-ндагы, Москва обл-ндагы ири ө. ж. ишканаларын эвакуациялоо б-ча ВКП(б) БК ж-а СССР ЭКСтин, Ленинградда Мамл. коргоо к-нин уполномочени, 1948-ж. СССР финансы министри, 1948–54-ж. СССР ө. ж. министри, 1956–57-ж.
эл чарбасын пландаштыруу б-ча СССР Министрлер Советинин Мамл. экон. комиссиясынын
төрагасынын 1-орун басары – министр, 1957–
60-ж. СССР Мамл. планынын төрагасынын 1-орун басары, төрагасы, 1964–80-ж. СССР Министрлер Советинин төрагасы болуп иштеген. КПСС БКнын Саясий бюросунун (Президиумдун)
мүчөсү (1948–52 ж-а 1960–80; 1946–48, 1952–53
ж-а 1957–60-ж. мүчөлүгүнө кандидат). 1961-ж.
деноминацияны ишке ашырууну жетектеген. 1965-ж. өлкөнүн экономикасынын майнаптуулугун жогорулатуу багытында Косыгин реформасын иштеп чыккан. СССРдин тышкы саясатын жүзөгө ашырууда маанилүү роль ойногон. Индия-Пакистан жаңжалын жөнгө салууда Ташкент макулдаштыгына (1966, январь) кол коюуга демилгечи болгон. 1969–70-ж. СССР м-н Кытайдын ортосундагы чек ара чыр-чатагын жөнгө салууга көмөктөшкөн. Алты Ленин ордени м-н сыйланган. Ысмы Москва текстиль ин-туна (азыркы Москва мамл. текстиль ун-ти), Москванын бир көчөсүнө (ал көчөдө эстелиги тургузулган), Санкт-Петербургдагы проспектке ыйгарылган.
Ад.: Гвишиани А. Д. Феномен Косыгина. Записки внука. Мнения современников. М., 2004; 100 лет со дня рождения Косыгина. М., 2004; Ваксер А. З. А. Н. Косыгин // История России: исследования и размышления. М., 2006.