КОСЫГИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОСЫ́ГИН Алексей Николаевич [8(21). 2. 1904, Санкт-Петербург – 18. 12. 1980, Москва, сөөгү Кремль дубалына коюлган] – сов. мамл. ж-а парт. ишмер, эки жолку Соц. Эмг. Баатыры (1964, 1974). 1935-ж. Ленинграддагы текстиль ин-тун бүткөн. 1924–30-ж. Сибирдик керек­төө кооперация системасында, 1935-жылдан А. И. Желябов атн. Ленинград текстиль ф-ка­сында иштеген. 1937–38-ж. Ленинграддагы «Ок-

тябрьская» ф-касынын ди­ректору. ВКП(б)нын Ленин­град обкомунун бөлүм баш­чысы, 1938–39-ж. Эмгекчи­лер депутаттарынын Ленин­град шаардык Советинин төрагасы. 1939–40-ж. тек­стиль ө.-ж. эл комиссары, 1940–60-ж. СССР ЭКСтин төрагасынын орун басары, 1-орунбасары, ошол эле мез­гилде 1943–46-ж. РСФСР ЭКСтин төрагасы.
Улуу Ата Мекендик согушта эвакуация б-ча Совет­тин төрагасынын орун басары, Харьков, Моск­ва ш-ндагы, Москва обл-ндагы ири ө. ж. ишка­наларын эвакуациялоо б-ча ВКП(б) БК ж-а СССР ЭКСтин, Ленинградда Мамл. коргоо к-нин уполномочени, 1948-ж. СССР финансы минист­ри, 1948–54-ж. СССР ө. ж. министри, 1956–57-ж. эл чарбасын пландаштыруу б-ча СССР Министр­лер Советинин Мамл. экон. комиссиясынын төрагасынын 1-орун басары – министр, 1957– 60-ж. СССР Мамл. планынын төрагасынын 1-орун басары, төрагасы, 1964–80-ж. СССР Ми­нистрлер Советинин төрагасы болуп иштеген. КПСС БКнын Саясий бюросунун (Президиумдун) мүчөсү (1948–52 ж-а 1960–80; 1946–48, 1952–53 ж-а 1957–60-ж. мүчөлүгүнө кандидат). 1961-ж. деноминацияны ишке ашырууну жетектеген. 1965-ж. өлкөнүн экономикасынын майнаптуу­лугун жогорулатуу багытында Косыгин рефор­масын иштеп чыккан. СССРдин тышкы саяса­тын жүзөгө ашырууда маанилүү роль ойногон. Индия-Пакистан жаңжалын жөнгө салууда Таш­кент макулдаштыгына (1966, январь) кол коюу­га демилгечи болгон. 1969–70-ж. СССР м-н Кы­тайдын ортосундагы чек ара чыр-чатагын жөнгө салууга көмөктөшкөн. Алты Ленин ордени м-н сыйланган. Ысмы Москва текстиль ин-туна (азыркы Москва мамл. текстиль ун-ти), Моск­ванын бир көчөсүнө (ал көчөдө эстелиги тургу­зулган), Санкт-Петербургдагы проспектке ыйга­рылган.


Ад.: Гвишиани А. Д. Феномен Косыгина. Записки внука. Мнения современников. М., 2004; 100 лет со дня рождения Косыгина. М., 2004; Ваксер А. З. А. Н. Косыгин // История России: исследования и размышления. М., 2006.