КОРОВИН: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
07:02, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОРО́ВИН Константин Алексеевич [23.11(5. 12). 1861, Москва – 11. 9. 1939, Париж] – орус живописчиси. Москвадагы живопись, ийчилик ж-а зодчийлик окуу жайында (МЖИЗО) (1875– 86) окуган. 1882-ж. Петербург сүрөт академиясын бүтүргөн. 1901–18-ж. МЖИЗОдо сабак берген. Москва менчик опера театрында, Чоң театрда ж. б. театрларда, көркөм, кызыктуу жасалгаларды жараткан. 1923-жылдан чет өлкөдө «Гранд-Опера» (Париж), «Ковент Гарден» (Лондон) ж. б. театрларда иштеген. Ал – орус живописиндеги пленэрдин көрүнүктүү чеберлеринин бири. Пейзаждык, портреттик ж-а жанрдык сүрөттөрдүн автору катары да таанымал («Түндүк

Ф. И. Шаляпиндин портрети, 1911. Орус музейи. Санкт-Петербург. идиллия», 1886; «Балкон жанында», 1888–89; «Кышында», 1894; баары Третьяков галереясы; Ф. И. Шаляпиндин портрети, 1911, Орус музейи, Санкт-Петербург ж. б.).
Ад.: Гусарова А. П. К. Коровин. Путь художника. Художник и время. М., 1990; Круглов В. Ф. Коровин: (Альбом). М., 1997.