КЕТМЕН (кырка тоо): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

03:00, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КЕТМЕН – Чыгыш Теңир-Тоодогу кырка тоо. Батыш бөлүгү Казакстанда, чыгышы Кытайда. Узундугу 300 км, туурасы 40–50 км. Эң бийик жери – Көк-Мелжиме чокусу (3658 м). Эффузив, аки­таш, айрым жерлери гранит тоо тектеринен тү­зүлгөн. Тоонун үстү тайпак, капталдары тик, терең капчыгайлары көп. Тоо этектерин талаа өсүмдүктөрү, андан жогорку түндүк капталдарын карагай ж-а шалбаа ээлейт.