КЕТМЕН (кырка тоо)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(КЕТМЕН барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕТМЕН – Чыгыш Теңир-Тоодогу кырка тоо. Батыш бөлүгү Казакстанда, чыгышы Кытайда. Узундугу 300 км, туурасы 40–50 км. Эң бийик жери – Көк-Мелжиме чокусу (3658 м). Эффузив, аки­таш, айрым жерлери гранит тоо тектеринен тү­зүлгөн. Тоонун үстү тайпак, капталдары тик, терең капчыгайлары көп. Тоо этектерин талаа өсүмдүктөрү, андан жогорку түндүк капталдарын карагай ж-а шалбаа ээлейт.