КОРГОН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОРГОН – Жалал-Абад обл-нун Аксы р-нунда­гы кыштак. Авлетим айыл округуна караш­туу. Чаткал кырка тоосунун түш.-чыгыш эте­гинде, Авлетим суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңг. 1114 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен ш-нан 25 км чыгыш тарапта. Шамалды-Сай т. ж. бекетинен 90 км. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы 1730 (2008); неги­зинен мал ж-а дыйкан чарбаларында эмгекте­нет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, мончо бар. Темир иштетүүчү устакана, суу ж-а электр те­гирмендер иштейт.