КОРГОН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОРГОН – Жалал-Абад обл-нун Аксы р-нундагы кыштак. Авлетим айыл округуна караштуу. Чаткал кырка тоосунун түш.-чыгыш этегинде, Авлетим суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңг. 1114 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен ш-нан 25 км чыгыш тарапта. Шамалды-Сай т. ж. бекетинен 90 км. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы 1730 (2008); негизинен мал ж-а дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, мончо бар. Темир иштетүүчү устакана, суу ж-а электр тегирмендер иштейт.