КООПСУЗДУК ЖАНА КЫЗМАТТАШТЫК БОЮНЧА КЕҢЕШМЕ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

(ЕККК) – Европада ж-а дүйнөдөгү коопсуздукту кызматташуу аркылуу жөнгө салууну чече тур­ган жалпы кеңешме (АКШ ж-а Канаданын ка­тышуусу м-н). Кеңешменин алгачкы ачылышы 1973-ж. 3–7-июлда Хельсинкиде өткөн. Ага Ев­ропанын 33 мамлекетинин өкүлү (тышкы иш­тер министрлери) катышып (Албания, АКШ, Канада кеңешмеге катышуудан баш тарткан), анда «Хельсинкидеги консультациянын кору­тунду сунуштары» кубатталган ж-а Европада­гы коопсуздук ж-а кызматташтык б-ча ар бир өкмөттүн көз карашы сунушталып, кеңешме­нин алдыдагы иштери ж-дө баяндама берилген. Кеңешменин экинчи этабы 1973-ж. 18-сентябр­дан 1975-ж. 21-июлга чейин кез-кези м-н Жене­вада өтүп, ага 35 мамлекеттен делегат ж-а экс­перттер катышкан. Анда кеңешменин күн тар­тиби иштелип чыккан ж-а макулдашылган. Кеңешменин үчүнчү этабы 35 өлкөнүн жогорку саясий ж-а мамл. жетекчилеринин катышуусу м-н 1975-ж. 30-июлдан 1-августка чейин Хель­синкиде өтүп, 1-августта Европаны тынчтык м-н камсыздоочу кеңешменин Корутунду актысы­на кол коюлган. ЕКККнын Мадрид конф-ясын­да (1991, апрель) ЕКККнын Парламенттик ас­самблеясын (1991-ж. июль айында негизделген) түзүү б-ча чечим кабыл алынган. ЕКККны Евро­падагы коопсуздук жана кызматташтык б-ча уюм (ЕККУ) деп атоо тууралуу чечим 1994-ж. Будапештте мамлекет ж-а өкмөт башчылары­нын жолугушуусунда кабыл алынган. Кеңеш­ме эл аралык абалды жеңилдетүүнүн жаңы эта­бынын башталышына негиз салып, Европада түзүлгөн чек аралардын бузулбастыгын бекем­деген ж-а бүткүл континентте тынчтыкты сак­тоого, чыңдоого ыңгайлуу шарт түзгөн. Ал ар түрдүү коомдук түзүлүштөгү мамлекеттердин эл аралык аренада тынчтыкта жанаша жашоосун ж-а тең укуктуулукта кызматташуусун жөнгө салууда алга шилтенген зор кадам болгон.