КООПСУЗДУК ЖАНА КЫЗМАТТАШТЫК БОЮНЧА КЕҢЕШМЕ
КООПСУЗДУК ЖАНА КЫЗМАТТАШТЫК БОЮНЧА КЕҢЕШМЕ Е в р о п а д а г ы (ЕККК) – Европада ж-а дүйнөдөгү коопсуздукту кызматташуу аркылуу жөнгө салууну чече турган жалпы кеңешме (АКШ ж-а Канаданын катышуусу м-н). Кеңешменин алгачкы ачылышы 1973-ж. 3–7-июлда Хельсинкиде өткөн. Ага Европанын 33 мамлекетинин өкүлү (тышкы иштер министрлери) катышып (Албания, АКШ, Канада кеңешмеге катышуудан баш тарткан), анда «Хельсинкидеги консультациянын корутунду сунуштары» кубатталган ж-а Европадагы коопсуздук ж-а кызматташтык б-ча ар бир өкмөттүн көз карашы сунушталып, кеңешменин алдыдагы иштери ж-дө баяндама берилген. Кеңешменин экинчи этабы 1973-ж. 18-сентябрдан 1975-ж. 21-июлга чейин кез-кези м-н Женевада өтүп, ага 35 мамлекеттен делегат ж-а эксперттер катышкан. Анда кеңешменин күн тартиби иштелип чыккан ж-а макулдашылган. Кеңешменин үчүнчү этабы 35 өлкөнүн жогорку саясий ж-а мамл. жетекчилеринин катышуусу м-н 1975-ж. 30-июлдан 1-августка чейин Хельсинкиде өтүп, 1-августта Европаны тынчтык м-н камсыздоочу кеңешменин Корутунду актысына кол коюлган. ЕКККнын Мадрид конф-ясында (1991, апрель) ЕКККнын Парламенттик ассамблеясын (1991-ж. июль айында негизделген) түзүү б-ча чечим кабыл алынган. ЕКККны Европадагы коопсуздук жана кызматташтык б-ча уюм (ЕККУ) деп атоо тууралуу чечим 1994-ж. Будапештте мамлекет ж-а өкмөт башчыларынын жолугушуусунда кабыл алынган. Кеңешме эл аралык абалды жеңилдетүүнүн жаңы этабынын башталышына негиз салып, Европада түзүлгөн чек аралардын бузулбастыгын бекемдеген ж-а бүткүл континентте тынчтыкты сактоого, чыңдоого ыңгайлуу шарт түзгөн. Ал ар түрдүү коомдук түзүлүштөгү мамлекеттердин эл аралык аренада тынчтыкта жанаша жашоосун ж-а тең укуктуулукта кызматташуусун жөнгө салууда алга шилтенген зор кадам болгон.