КОҢОРЧОК 1: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОҢОРЧОК (Halimodendron) – өсүмдүктөрдүн чанактуулар тукумундагы уруусу. Бийикт. 2 мге жеткен бадал. Жалбырагы жуп, канаттай. Жалбырак огунун учу ж-а жан жалбыракчасы тикенек түрүндө. Гүлдөрү мала кызыл же кызгылт,
көгүш, ак, топ гүлү – чачыдай. Мөмөсү – чанак.
Уругу күрөң, формасы бөйрөктөй, К. Иранда, Моңголиянын түн.-батышында, Европада, Кавказда кездешет. Кырг-ндын бардык аймактарынын тоо этегинде, көл, өзөн боюндагы шор топурактуу жерде өсөт. Тамырында сары түскө боёчу пигменти бар. Токой тилкелерин өстүрүүдө ж-а кооз өсүмдүк катары айрым аймактарда
өстүрүлөт.