КОНЬКИ СПОРТУ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОНЬКИ́ СПОРТУ – кышкы спорт түрлөрүнүн бири. Анын коньки м-н тез (муз үстүндө) чуркоо ж-а фигуралык муз тебүү деген түрлөрү бар. Азыркы К. с-нда эркектер үчүн 500, 1000, 1500, 5000, 10000 м, аялдар үчүн 500, 1000, 1500, 3000 м чуркоо аралыгы белгиленген. 1-жолу К. с-нун коому Норвегияда 1864-ж. түзүлүп, алгачкы мелдеш 1882-ж. Венада өткөрүлгөн. Конькиде тез чуркоо б-ча эл аралык мелдеш 1890-ж. Россияда уюштурулуп, 1892-ж. эл аралык союзу түзүлгөн. 1893-жылдан эркектер арасында Европ. ж-а дүйнөлүк чемпионат өткөрүлөт. 1924- жылдан кышкы Олимпия оюндарына киргизилген. Кырг-нда К. с. б-ча алгачкы мелдеш 1929-ж. Караколдо өткөрүлгөн.