КОНЧАЛОВСКИЙ Андрей Сергеевич: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КОНЧАЛО́ВСКИЙ (Михалков-Кончаловский) Андрей Сергеевич (20.8. 1937-ж. т., Москва) – орус режиссёру, сценарийчи, продюссер, публицист, РСФСРдин эл арт. (1980). С. В. Михалковдун уулу, П. П. Кончаловскийдин небереси,

В. И. Суриковдун чөбөрөсү. 1957–59-ж. Москва консерваториясында фортепиано классында окуган, 1965-ж. ВГИКтин режиссёрдук ф-тин бүткөн. Биринчи толук метраждуу режиссёрдук иши – Ч. Айтматовдун «Биринчи мугалим» повестинин мотиви б-ча тартылган толук метраждуу «Биринчи мугалим» фильми болгон. Айыл турмушунун лирикалык драмасы ж-дө «синема-верите» стилинде, ролдордун көпчүлүгүн кесипкөй эмес артисттер аткарган «Сүйүп калып турмушка чыкпаган Ася Клачинанын тарыхы» (1967, экранга 1987-ж. чыккан, ЭКФтин сыйл., Батыш Берлин, 1988; РСФСРдин мамл. сыйл., 1990) фильмин тарткан. Орус классикасын экрандаштырууда И. С. Тургеневдин романынын мотиви б-ча тартылган «Ак сөөктөр уясы» (1969) ж-а А. П. Чеховдун пьесасы б-ча «Ваня байке» (1971) фильмдери курч талаш-тартыштар жараткан. «Сүйүшкөндөр романсы» (1974), «Сибириада» (1979, 4 сериялуу) фильмдери Эл аралык сыйлыктарга татыган. 1980-жылдарда чет мамл. жашап, Голливудда иштеген. Ошол жылдары «Мариянын ойноштору» (1984), «Поезд-качкын» (1985), «Уялчаак адамдар» (1987), «Гомер жана Эдди» (1989) фильмдерин тарткан. 1990-жылдардын башында К. Россияга кайтып келгенден кийин «Жакынкы чөйрө» (1992, АКШ ж-а Италия м-н бирге), «Чаар тоок» (1994, Франция м-н бирге), «Акмактар үйү» (2002, Франция м-н бирге, Венеция, ЭКФтин башкы сыйл.), «Жалтырак» (2007) фильмдерин жараткан. Өзүнүн көпчүлүк ж-а башка режиссёрлордун фильмдеринин сценарийлерине автор ж-а авторлош (Андрей А. Тарковский – «Ивановдун бала чагы», 1962; «Андрей Рублёв», 1966, экранга 1971-ж. чыккан; Ш. Айманов – «Атамандын
ажалы», 1971, Казак ССРинин мамл. сыйл., 1972; Н. С. Михалков – «Сүйүүнүн кулу», 1976 ж. б.). «Ивановдун бала чагы», «Жиндилер соту», «Мен жыйырмадамын» («Ильичтин заставасы») фильмдерине тартылган. О. эле «Бала жана көгүчкөн» (1962, кыска метраждуу, Е. К. Осташенко м-н бирге, Венециядагы балдардын ж-а өспүрүмдөрдүн ЭКФ сыйл.), «Сынган алча чырпыгы» (1982, Франция), «Солистка үчүн дуэт» (1986, АКШ), «Гейдар Алиев» (2005, даректүү) фильмдерин тарткан. К. опера ж-а драма спектаклдеринин да реж.-коюучусу.
Ад.: Богомолов Ю. А. Михалков-Кончаловский. М., 1990.