КОНЧАЛОВСКИЙ Андрей Сергеевич
КОНЧАЛО́ВСКИЙ (Михалков-Кончаловский) Андрей Сергеевич (20. 8. 1937-жылы туулган, Москва) – орус режиссёру, сценарийчи, продюссер, публицист, РСФСРдин эл артисти (1980). С. В. Михалковдун уулу, П. П. Кончаловскийдин небереси,
В. И. Суриковдун чөбөрөсү. 1957–1959-жылдары Москва консерваториясында фортепиано классында окуган, 1965-жылы Бүткүл россиялык мамлекеттик кинематография институтунун (ВГИК) режиссёрдук факультетин бүткөн. Биринчи толук метраждуу режиссёрдук иши – Ч. Айтматовдун «Биринчи мугалим» повестинин мотиви боюнча тартылган толук метраждуу «Биринчи мугалим» тасмасы болгон. Айыл турмушунун лирикалык драмасы жөнүндө «синема-верите» стилинде, ролдордун көпчүлүгүн кесипкөй эмес артисттер аткарган «Сүйүп калып турмушка чыкпаган Ася Клачинанын тарыхы» (1967, экранга 1987-жылы чыккан, Эл аралык кино фестивалынын (ЭКФ) сыйлыгы, Батыш Берлин, 1988; РСФСРдин мамлекеттик сыйлыгы, 1990) тасмасын тарткан. Орус классикасын экрандаштырууда И. С. Тургеневдин романынын мотиви боюнча тартылган «Ак сөөктөр уясы» (1969) жана А. П. Чеховдун пьесасы боюнча «Ваня байке» (1971) тасмалары курч талаш-тартыштар жараткан. «Сүйүшкөндөр романсы» (1974), «Сибириада» (1979, 4 сериялуу) тасмалары Эл аралык сыйлыктарга татыган. 1980-жылдарда чет мамлекеттерде жашап, Голливудда иштеген. Ошол жылдары «Мариянын ойноштору» (1984), «Поезд-качкын» (1985), «Уялчаак адамдар» (1987), «Гомер жана Эдди» (1989) тасмаларын тарткан. 1990-жылдардын башында Кончаловский Россияга кайтып келгенден кийин «Жакынкы чөйрө» (1992, Америка Кошмо Штаттары жана Италия менен бирге), «Чаар тоок» (1994, Франция менен бирге), «Акмактар үйү» (2002, Франция менен бирге, Венеция, Эл аралык кино фестивалынын (ЭКФ) башкы сыйлыгы), «Жалтырак» (2007) тасмаларын жараткан. Өзүнүн көпчүлүк жана башка режиссёрлордун тасмаларынын сценарийлерине автор жана авторлош (Андрей А. Тарковский – «Ивановдун бала чагы», 1962; «Андрей Рублёв», 1966, экранга 1971-жылы чыккан; Ш. Айманов – «Атамандын
ажалы», 1971, Казак ССРинин мамлекеттик сыйлыгы, 1972; Н. С. Михалков – «Сүйүүнүн кулу», 1976 жана башкалар). «Ивановдун бала чагы», «Жиндилер соту», «Мен жыйырмадамын» («Ильичтин заставасы») тасмаларына тартылган. Ошондой эле «Бала жана көгүчкөн» (1962, кыска метраждуу, Е. К. Осташенко менен бирге, Венециядагы балдардын жана өспүрүмдөрдүн Эл аралык кино фестивалынын (ЭКФ) сыйлыгы), «Сынган алча чырпыгы» (1982, Франция), «Солистка үчүн дуэт» (1986, Америка Кошмо Штаттары, «Гейдар Алиев» (2005, даректүү) тасмаларын тарткан. Кончаловский опера жана драма спектаклдеринин да режиссёр-коюучусу.

Ад.: Богомолов Ю. А. Михалков-Кончаловский. М., 1990.