КОНУС: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КО́НУС (лат. conus, гр. k–nоs) – 1) э л е м е н т а р д ы к г е о м е т р и я д а, тик бурчтуу үч бурчтукту бир катети боюнча айландыруудан алынган геом. нерсе. К. же конустук беттин кан­дайдыр бир сызыктын бардык чекиттерин түзүүчү мейкиндиктин берилген чекиттери (чокусу) м-н туташтыруучу түз сызыктардын (багыттоочусу) геом. орду. 2) Эгерде багыттоочу – түз сызык болсо, анда К. тегиздикке, ал эми багыттоочу сызык чокусу м-н бир тегиздикке жатпаган 2-тартиптеги ийри сызык болсо анда 2-тартиптеги К-ка айланат.
Катет К-тун огу деп аталганда К-тун негизи тегерек болот. Ал эми экинчи катети К-тун негизинин

1-чийме 2-чийме

радиусу (r, R), гипотенузасы К-тун тү­зүүчүсү (l) болуп эсептелет. К-тун бетин сызган АВ жагы – К-тун түзүүчүсү, А чекити анын чокусу. К-тун чокусунан анын негизине чейинки h аралык бийиктиги. К-тун көлөмү nr2h/3, кап­тал бети nrl болот (к. 1-чийме). Эгерде К-ту би­ринчи тегиздикке жарыш (параллель) экинчи тегиздик м-н кессек, кесилген К. пайда болот (к. 2-чийме), анын көлөмү n(R2 +r2+Rr)h/3, кап­тал бети n(R+r)l барабар.