КОНУС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́НУС (лат. conus, гр. k–nоs) – 1) э л е м е н т а р д ы к г е о м е т р и я д а, тик бурчтуу үч бурчтукту бир катети боюнча айландыруудан алынган геометрияык нерсе. Конус же конустук беттин кан­дайдыр бир сызыктын бардык чекиттерин түзүүчү мейкиндиктин берилген чекиттери (чокусу) м-н туташтыруучу түз сызыктардын (багыттоочусу) геометриялык орду. 2) Эгерде багыттоочу – түз сызык болсо, анда конус тегиздикке, ал эми багыттоочу сызык чокусу м-н бир тегиздикке жатпаган 2-тартиптеги ийри сызык болсо анда 2-тартиптеги конуска айланат.
Катет конустун огу деп аталганда конустун негизи тегерек болот. Ал эми экинчи катети конустун негизинин

1-чийме 2-чийме

радиусу (r, R), гипотенузасы конустун тү­зүүчүсү (l) болуп эсептелет. Конустун бетин сызган АВ жагы – конустун түзүүчүсү, А чекити анын чокусу. Конустун чокусунан анын негизине чейинки h аралык бийиктиги. Конустун көлөмү nr2h/3, кап­тал бети nrl болот (к. 1-чийме). Эгерде конусту би­ринчи тегиздикке жарыш (параллель) экинчи тегиздик м-н кессек, кесилген конус пайда болот (к. 2-чийме), анын көлөмү n(R2 +r2+Rr)h/3, кап­тал бети n(R+r)l барабар.