КОНСТРУКЦИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -га соңку нускасы

КОНСТРУ́КЦИЯ т и л и л и м и н д е – сөздөрдүн өз ара айкалышкан бирдиктери. К-нын ички мазмуну сүйлөмдүн граммат. касиеттеринен ж-а синтаксистик байланыштарынан байкалат. Грамматикада төмөнкү түшүнүктөр бар: 1) баяндоочтук К. – ар түрдүү баяндооч м-н айкалышып, сүйлөмдүн бир бөлүгүн түзгөн синтаксис­тик К.; 2) тактоочтук К.; 3) чакчыл К.; 4) атооч­тук К. К-нын өзгөчөлүктөрү ж-а алардын саны конкреттүү тилдин граммат. структурасына байланыштуу болот. Айрым К-лар бир нече тилге мүнөздүү болушу мүмкүн. Мис., жогоруда саналган К-лар көбүнчө түрк, славян тил топторуна мүнөздүү. Т е а т р д а г ы К. – 1) жасалгалардын көлөмдүү бөлүктөрүн орнотуучу каркас; түз, дөң жерлерди жасалгалоо ж-а аларды өзгөртүп туруу үчүн даярдалган, залда олтургандарга көрүнбөс үчүн үстү жабылган ар кандай формадагы түзүлүштөр; 3) жасалганы жылдыруучу механизм.