КОНСТРУКЦИЯ
КОНСТРУ́КЦИЯ т и л и л и м и н д е – сөздөрдүн өз ара айкалышкан бирдиктери. К-нын ички мазмуну сүйлөмдүн граммат. касиеттеринен ж-а синтаксистик байланыштарынан байкалат. Грамматикада төмөнкү түшүнүктөр бар: 1) баяндоочтук К. – ар түрдүү баяндооч м-н айкалышып, сүйлөмдүн бир бөлүгүн түзгөн синтаксистик К.; 2) тактоочтук К.; 3) чакчыл К.; 4) атоочтук К. К-нын өзгөчөлүктөрү ж-а алардын саны конкреттүү тилдин граммат. структурасына байланыштуу болот. Айрым К-лар бир нече тилге мүнөздүү болушу мүмкүн. Мис., жогоруда саналган К-лар көбүнчө түрк, славян тил топторуна мүнөздүү. Т е а т р д а г ы К. – 1) жасалгалардын көлөмдүү бөлүктөрүн орнотуучу каркас; түз, дөң жерлерди жасалгалоо ж-а аларды өзгөртүп туруу үчүн даярдалган, залда олтургандарга көрүнбөс үчүн үстү жабылган ар кандай формадагы түзүлүштөр; 3) жасалганы жылдыруучу механизм.