КОНКИН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КО́НКИН Григорий Ефимович (1911, азыркы Ысык-Көл обл., Жети-Өгүз р-ну, Кызыл-Суу кыш. – 1941, Москва

обл., Волоколамск р-н, Дубосеко­во разъезди, сөөгү Нелидово кыш-на коюлган) – Сов. Союз. Баатыры (1942, өлгөн­дөн кийин). 1941-жылдан Сов. Армияда. Улуу Ата Мекендик согушта (1941–45) 316-аткычтар дивизиясынын 1075-аткычтар полкунда кызмат кылган. Немис баскынчыларынын Москвага жасаган 2-башкы чабуулунун мизин кайтарууга катышкан. 1941-ж. 16-ноябрда Дубосеково разъездин коргоочулар м-н атактуу 28 панфиловчунун катарында эрдик көрсөтүп, баатырларча курман болгон. Ленин ордени м-н сыйланган. Жети-Өгүз р-нундагы Калиновка кыштагына, мектепке, Каракол ш-нын бир көчөсүнө ысмы ыйгарылып, Кызыл-Суу айылына айкели коюлган.