КУРЧУТКУЧ СТАНОК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КУРЧУТКУЧ СТАНО́К – кесүүчү аспаптарды жылмалап курчутуп, калыбына келтиргич. Тилкелүү, дисктүү жана тасмалуу араа, жонуучу бычак, фреза, ар кандай бургуларды жана кол аспаптарын курчутууда кеңири колдонулат. Кесүүчү аспап катары абразивдүү (кумдуу, кар-борунддуу, корунддуу ж. б.) курчуткуч тегерек кайрактар жана айрым учурда өгөө пайдаланылат. К. с. кол менен кыймылга келүүчү жана та­таал автоматтык станокко чейин ар түрдүү бо­лот. Констр-сы б-ча столго орнотулган, өзүнчө станинада бекитилме, ташылып жүрмө, универ­салдуу болуп бөлүнөт.