КУРМАНОВ Зайнидин: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (Турганбаев Элебай moved page КУРМАНОВ 1 to КУРМАНОВ Зайнидин) |
(Айырма жок)
| |
04:25, 9 Февраль (Бирдин айы) 2026 -деги абалы
КУРМАНОВ Зайнидин Карпекович (3. 6. 1955-ж. т., Фрунзе) — тарых илимд. доктору (1997), проф. (2000). КРдин билим берүүгѳ эмг. сиң. кызматкери (2000). Мамл. кызматтын 2-класстагы мамл. кеңешчиси (2002). Ленинград мамл. ун-тин (1978), КУУну (1996), Германиядагы Ж. Маршалл атн. Борб. аскер коллежин бүтүргѳн. 1978—92-ж. Кыргыз ССР мамл. архивинде ил. кызматкер, бѳлүм башчы, Кырг-н ИАнын Тарых ин-тунда кенже ил. кызматкер, КММИде окутуучу, милициянын жогорку

мектебинде улук окутуучу, 1992—94-ж. КМПУнун (И. Арабаев атн.) ректору, 1996—97-ж. «Кыргыз инвест-финансы корпорациясы» департаментинин директору, 1997—2000-ж. КРСУда окутуучу, 2005—07-ж. ПРООНдун консультанты, КМУда проф., 2010-жылдын сентябрынан КРСУда проф., кафедра башчысы, Парламентаризм жана демократия ин-ту коомдук фондусунун директору. КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты (2000—05; 2007—10), 2009-жылдын 24-декабрынан 2010-жылдын 7-апрелине чейин тѳрагасы. Кырг-н тарыхына жана укук маселелерине арналган 180ден ашык ил. эмгектин (а. и. 12 монография жана окуу китептер) автору. «Даңк» медалы менен сыйланган.