КУРМАНГАЗЫ Сагырбай уулу: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КУРМАНГАЗЫ Сагырбай уулу (1823, Жанакала аймагы, Жидели конушу, азыр Батыш Казакстан обл., 1889, Россия, Астрахань обл., «Шайтан батага» конушу; сөөгү Астрахань обл нун Володар р-нундагы Алтын-Жар айылына коюлган) казактын күүчү-композитору, домбрачысы. Алгачкы устаты Узак күүчү болгон, кийин атактуу домбрачылар Байжума, Бала-майсан, Есжан, Шеркештен таалим алып, өнөрүн өркүн деткон. К-нын бүткүл өмүрү ж-а чыглыгы казак жерин Данктоого ж-а адилетсиздик м-н зордук-зомбулукка каршы күрөшкө арналган. К. 70тен ашык күүнүн автору: «Акбай», «Аксак кийик», «Көбүк чачкан», «Түрмөдөн кач кан», «Адай», «Сары Арка», «Кызыл кайың», «Балбыраун», «Кайран энем», «Балкаймак», «Терс какмай» ж. б. Кийин күүлөрүнүн көбү жый налып, нотага жазылган ж-а казак эл аспаптар ж-а симф. оркестрлер үчүн иштелип чыккан. Казактын айрым композиторлору К-нын чыгарма» ларын өздөрүнүн опера, хор, симфония, камера лык музыкасына пайдаланган (мис., А. Жуба новдун «Курмангазы» операсы, Е. Брусиловскийдия «Курмангазы» симфониясы). Казак эл аспаптар оркестри ж-а Алматы мамл. консерваториясы К-нын ысмында.


Ад.: Курмангазы и традиционная музыка на рубеже тысячелетий. Алматы, 1998.