КУРМАНГАЗЫ Сагырбай уулу
КУРМАНГАЗЫ Сагырбай уулу (1823, Жанакала аймагы, Жидели конушу, азыр Батыш Казакстан облусу, 1889, Россия, Астрахань облусу, «Шайтан батага» конушу; сөөгү Астрахань облусунун Володар районундагы Алтын-Жар айылына коюлган) казактын күүчү-композитору, домбрачысы. Алгачкы устаты Узак күүчү болгон, кийин атактуу домбрачылар Байжума, Бала-майсан, Есжан, Шеркештен таалим алып, өнөрүн өркүндөткөн. Курмангазынын бүткүл өмүрү жана чыгармачылыгы казак жерин даңктоого жана адилетсиздик менен зордук-зомбулукка каршы күрөшкө арналган. Курмангазы 70тен ашык күүнүн автору: «Акбай», «Аксак кийик», «Көбүк чачкан», «Түрмөдөн качкан», «Адай», «Сары Арка», «Кызыл кайың», «Балбыраун», «Кайран энем», «Балкаймак», «Терс какмай» жана башкалар. Кийин күүлөрүнүн көбү жыйналып, нотага жазылган жана казак эл аспаптар жана симфониялык оркестрлер үчүн иштелип чыккан. Казактын айрым композиторлору Курмангазынын чыгармаларын өздөрүнүн опера, хор, симфония, камералык музыкасына пайдаланган (мисалы, А. Жубановдун «Курмангазы» операсы, Е. Брусиловскийдия «Курмангазы» симфониясы). Казак эл аспаптар оркестри жана Алматы мамлекеттик консерваториясы Курмангазынын ысмында.

Ад.: Курмангазы и традиционная музыка на рубеже тысячелетий. Алматы, 1998.