КУМ-АРЫК КӨРҮСТӨНҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КУМ-АРЫК КӨРҮСТӨНҮ – 3–6-к-да жашаган көчмөн урууларга таандык археол. эстелик. Чүй өрөөнүнүн Кум-Арык кыш-на жакын жердеги Кайнар-Булак коктусунда жайгашкан. 38 дөбө-мүрзө бар. Ар биринин диаметри 6–18 м, бийикт. 0,7–1, 5 м. Мүрзөлөрдүн көбүндө бирден, кээ биринде экиден адам сөөгү коюлган. Алар – антропол. жактан моңголоид аралашмасы бар европеоид тибиндеги адамдар. Дөбө-мүрзөлөрдү казуу убагында карапа идиш сыныктары, коло күзгүлөр, топчулар, сөөктөн жасалган бычак саптар, тогоолор, жүздөн ашуун ар кандай түстөгү шуру­мончоктор, бүркүт тырмагы, акак таш чөгөрүлүп кооздолгон алтын асем буюмдар, коло тыйын ж. б., ал эми б. з. ч. 6–4-к-га таандык бир мүрзөдөн үч коло жебе табылган. Казанактуу 31 мүрзөнү 1975-ж. археолог Ы. Кожомбердиев изилдеген.