КУЛЬТИВАЦИЯ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КУЛЬТИВА́ЦИЯ (лат. cultivo – иштетем, жерди айдаш) – эгилме өсүмдүктөрдүн катар аралыгын коңторбой жумшартып, отоо чөптөн арылтуу. К. негизинен өсүмдүк өнүп чыкканга чейин жүргүзүлүп, культиватор колдонулат. Нымдуу кыртышты К-лаганда отоо чөптөр кайта жанданып, өнүп кетпесин үчүн культиватордун артына жеңил мала чиркелет, ал кыртыш катмарын бошотуп отоо чөптүн тамырын кыртыш үстүнө чыгарат. К-лоо топурактын аба, суу режимин, микробиол. процессин жакшыртат, отоо чөптү жок кылып, өсүмдүктүн өсүшүнө ыңгайлуу шарт түзөт. Ал жумшак топурак катмарын пайда кылып, нымды сактайт. К. 8–10 см тереңдикте жүргүзүлөт.