КУЛЬТИВАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЛЬТИВА́ЦИЯ (лат. cultivo – иштетем, жерди айдаш) – эгилме өсүмдүктөрдүн катар аралыгын коңторбой жумшартып, отоо чөптөн арылтуу. Культивация негизинен өсүмдүк өнүп чыкканга чейин жүргүзүлүп, культиватор колдонулат. Нымдуу кыртышты культивациялаганда отоо чөптөр кайта жанданып, өнүп кетпесин үчүн культиватордун артына жеңил мала чиркелет, ал кыртыш катмарын бошотуп отоо чөптүн тамырын кыртыш үстүнө чыгарат. Культивациялоо топурактын аба, суу режимин, микробиологиялык процессин жакшыртат, отоо чөптү жок кылып, өсүмдүктүн өсүшүнө ыңгайлуу шарт түзөт. Ал жумшак топурак катмарын пайда кылып, нымды сактайт. Культивация 8–10 см тереңдикте жүргүзүлөт.