КУЛМЫРЗАЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КУЛМЫРЗАЕВ Асылбек Атамырзаевич [19. 10. 1963-ж. т., Ош (азыркы Жалал-Абад) обл., Аксы р-ну, Кербен айылы] – тех. илимд. доктору (2004), проф. (2005). ФПИни (1986), Москвадагы тамак-аш ө. ж. өндүрүштүк технология ин-тунун аспирантурасын (1992) бүтүргөн. КМТУда инженер, окутуучу (1986), улук окутуучу, доцент (1992), декан (2003); 2003-жылдан «Манас» Кыргыз-Түрк ун-тинин инж. ф-тинде бөлүм башчы, декан, проректор. Тамак-аш ө. ж-ндагы машиналар жана аппараттар б-ча адис. 51 ил. эмгектин, а. и. 1 монография, 8 ойлоп табуунун автору.


Эмг.: Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын машиналары жана жабдуулары (авторлош). М., 2003.