КУЛМЫРЗАЕВ
КУЛМЫРЗАЕВ Асылбек Атамырзаевич [19. 10. 1963-жылы туулган, Ош (азыркы Жалал-Абад) облусу, Аксы айону, Кербен айылы] – техника илимдеринин доктору (2004), профессор (2005). Фрунзе политехникалык институтун (1986), Москвадагы тамак-аш өнөр жай өндүрүштүк технология институтунун аспирантурасын (1992) бүтүргөн. Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде инженер, окутуучу (1986), улук окутуучу, доцент (1992), декан (2003); 2003-жылдан «Манас» Кыргыз-Түрк университетинин инженердик факультетинде бөлүм башчы,

декан, проректор. Тамак-аш өнөр жайындагы машиналар жана аппараттар боюнча адис. 51 илимий эмгектин, анын ичинде 1 монография, 8 ойлоп табуунун автору.
Эмг.: Тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайынын машиналары жана жабдуулары (авторлош). М., 2003.