КУЛАКТАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
vol4>KadyrM
No edit summary
(Айырма жок)

10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы

КУЛАКТАР – социалдык жикке бөлүнүшүнөн улам пайда болгон айыл-кыштактагы оокаттуу дыйкандар. К. мал-мүлкү, үй-тиричилиги, ээле­ген жери б-ча башка дыйкандардан байыраак болгон. Россияда К. крепостнойлук укук жо­юлгандан (1861) кийин калыптанып, капита­лизмдин өнүгүшүнө зор роль ойногон. Бирок, маданий, турмуш-тиричилиги жагынан башка дыйкандардан айырмаланган эмес. Кырг-ндагы К-дын катмарын 19-к-дын аягы – 20-к-дын башында Борб. Россиядан көчүп келишкен орус, украин, беларус дыйкандары түзгөн (к. Кыргыз­стандын Россияга кошулушу, Келгиндер баш­кармалыгы, Столыпиндик агрардык реформа). Түшүмдүү, ири жерлерге ээ болуп, акырындап а. ч. капиталисттерине айланышкан. Алып-са­тарлыктын аркасында ө.-ж., соода, курулуш ж. б. капиталы менен кызматташып, кедей-дыйкандарды жалдап иштетишкен. Совет бийлиги орногондон кийин ишке аша баштаган социал.–экон. кайра курууларга каршы чыгып, жер-жерлерде куралдуу көтөрүлүш (мис., 1918-ж. август Талас, 1919-ж. июль Түп, 1920-ж. ноябрь Нарындагы козголоңдор) уюштурушкан. Туташ коллективтештирүү учурунда К. тап катары эсептелинип, жери тартып алынып, өзүлөрү камалып, сүргүнгө айдалып, биротоло жоюлган (к. Кулакка тартуу). Б. Сатаров.