КУЛАК ООРУСУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КУЛАК ООРУСУ – кулактын ар кандай бөлүгүнүн сезгенүүсү. Мурундун жана мурун-кулкундун ооруларында евстахий түтүгү сезгенип, натыйжада тарсылдак көңдөйүнө абанын кирүүсү кыйындайт да, үндүн өтүшү бузулат. Евстахий түтүгүнүн узак сезгенүүсүнөн ортонку кулак жабышып, тырык пайда болот, каңырыш уга баштайт. Балдардын угуусун көбүнчө аденоиддер начарлатат. Кээде урунуудан, баш сөөгүнүн жабыркоосунан, мээ кабыгынын сезгенүүсүнөн (м нингит), мээ кан тамырларынын склерозунан угуу бузулат. Угуу өткөөлүнүн бүтөлүп калуусунда, мис., кулку толуп калганда, каңырыш угушу мүмкүн. Кулактын ичине кокусунан бөтөн заттар – курт-кумурска кирип кетсе ж. б. учурларда угуу начарлап, аларды алып салгандан кийин кайра калыбына келет. Кулактын өнөкөт ооруларын узак убакыт жакшы дарылабаса, дүлөйлүккө алып келүүсү ыктымал. Жугуштуу ооруларда (грипп, менингит, кызылча ж.б.) антибиотикти баш аламан ичүүдөн ортонку, ички кулак, угуу нервдери жапа чегиши мүмкүн. Кесипке байланыштуу укпай калуу өндүрүштүк ызы-чуунун жана дирилдөөнүн (термелүү) таасиринен пайда болот. К. о-н алдын алууда жана угууну сактоодо мурун менен дем алуу чоң мааниге ээ. Ошондуктан баланын аденоид, полип, гайморит ооруларын өз убагында дарылоо, мурун тосмолорунун кыйшыгын түзөтүү ж. б. зарыл.