КУЛАК ООРУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КУЛАК ООРУСУ – кулактын ар кандай бөлүгүнүн сезгенүүсү. Мурундун жана мурун-кулкундун ооруларында евстахий түтүгү сезгенип, натыйжада тарсылдак көңдөйүнө абанын кирүүсү кыйындайт да, үндүн өтүшү бузулат. Евстахий түтүгүнүн узак сезгенүүсүнөн ортонку кулак жа­бышып, тырык пайда болот, каңырыш уга баш­тайт. Балдардын угуусун көбүнчө аденоиддер начарлатат. Кээде урунуудан, баш сөөгүнүн жа­быркоосунан, мээ кабыгынын сезгенүүсүнөн (мнингит), мээ кан тамырларынын склерозунан угуу бузулат. Угуу өткөөлүнүн бүтөлүп калуу­сунда, мисалы, кулку толуп калганда, каңырыш угушу мүмкүн. Кулактын ичине кокусунан бөтөн заттар – курт-кумурска кирип кетсе ж. б. учурларда угуу начарлап, аларды алып салгандан кийин кайра калыбына келет. Кулактын өнөкөт ооруларын узак убакыт жакшы дарылабаса, дүлөйлүккө алып келүүсү ыктымал. Жугуштуу ооруларда (грипп, менингит, кызылча ж.б.) ан­тибиотикти баш аламан ичүүдөн ортонку, ички кулак, угуу нервдери жапа чегиши мүмкүн. Кесипке байланыштуу укпай калуу өндүрүштүк ызы-чуунун жана дирилдөөнүн (термелүү) таасиринен пайда болот. Кулак оорусун алдын алууда жана угууну сактоодо мурун менен дем алуу чоң маани­ге ээ. Ошондуктан баланын аденоид, полип, гайморит ооруларын өз убагында дарылоо, мурун тосмолорунун кыйшыгын түзөтүү ж. б. зарыл.