КУКРЫНИКСТЕР (чыгармачыл топ): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
vol4>KadyrM No edit summary |
(Айырма жок)
| |
10:37, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 -деги абалы
КУКРЫНИ́КСЫ (фамилияларынын биринчи муунунан куралып, аягына орусча көптүк сан мүчөсү уланган ылакап ат) – графиктердин жана живописчилердин чыгармачыл тобу. К у п р ян о в Михаил Васильевич [8 (21). 10. 1903– Казан губерниясы, Тетюши ш. – 11. 11. 1991, Москва]– К р ы л о в Порфирий Никитич [9 (22). 8. 1902– Тула губерниясы, Щелкуново кыш. – 15. 5. 1990, Москва]– C о к о л о в Николай Александрович [8 (21). 7. 1903– Москвага жакын Царицын кыш. – 17. 4. 2000, Москва]. Москвадагы Вхутемас-Вхутеинде (1921–29-ж. аралыгы) окушкан. CCCР сүрөт академиясынын анык мүчөлөрү (1947)– CCCР эл сүрөтчүлөрү

(1958)– Cоц. Эмг. Баатырлары (Купрянов – 1973– Крылов – 1972– Cоколов – 1973). 1924-жылдан бирге иштеп, алгач көбүнчө адабият сюжеттеринен, ички жана эл аралык турмуштан алынган карикатураларды тартышкан. Улуу Ата Мекендик согуш жылдары К-нын карикатуралары, плакаттары жана «Окна ТАСC» үчүн тарткан сүрөттөрү адамдарга патриоттук тарбия берүүдө чоң роль ойногон. М. Cалтыков-Щедриндин– А. Чеховдун– М. Горькийдин чыгармаларын көркөмдөшкөн. Чыг-лык жамаат ыкмасы менен иштешкен (өз алдынча портреттерди жана пейзаждарды тартышкан). CCCР мамл.
сыйл. (1942– 1947– 1949– 1950– 1951– 1975)– Лениндик сыйл. (1965) лауреаттары. Ленин ордендери, башка ордендер жана медалдар менен сыйланышкан.
Ад.: Соколова Н. И. Кукрыниксы. 2-е изд. М., 1975.